Загрузка документа…
КЫЗЫЛ-КЫЯ ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2026-жылдын 21 - майы №25/107
Кызыл-Кыя шаарынын мэриясынын имаратынын алды тарабындагы жолду жабуу жөнүндө
Кызыл-Кыя шаардык мэриясынын имаратынын алды тарабындагы жол жабык болуп турган. 2026-жылдын март айынан баштап бул жол ачылып, Масалиев жана Советская көчөлөрүн туташтырган жол катары пайдаланылып калды. Бирок, бул ачылган жол жашоочуларга, айрыкча жаш балдарга кооптуу болуп жатканын билдирген Советская, Комсомольская жана Новая көчөлөрүнүн тургундарынын атынан шаардык кенешке арыз келип түшкөн.
Арыз шаардык кенештин Ишкерлер, өнөр-жай, транспорт, коммуникация жана агрардык маселелери боюнча туруктуу комиссиясынын отурумунда арыз ээлеринин катышуусунда каралган. Отурумда арыз ээлери тарабынан мэриянын жанындагы аллеяда ата-энелер жаш балдары менен келип эс алышаарын билдиришти. Жол ачылгандан бери машиналар тез ылдамдыкта өтүшүп балдар үчүн кооптуу болгонун айтышып, бул жолду жаап берүүнү суранышкан.
Бул жол мэриянын балансында болуп, мэриянын мамлекеттик актысында көрсөтүлүп турганын шаардын башкы архитектору Э.Абдыкалык уулу билдирди.
Жогорудагыларга негиз жана Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” мыйзамынын 34-беренесине таянып, шаардык кеңештин Ишкерлер, өнөр-жай, транспорт, коммуникация жана агрардык маселелери боюнча туруктуу комиссиясынын2026-жылдын 23-апрелиндеги №14 протоколун эске алып, Кызыл-Кыя шаардык кеңешинин сессиясы токтом кылат:
Төрага: |
А.Мурзаев |