Загрузка документа…
КЫЗЫЛ-КЫЯ ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2026-жылдын 21 - майы №25/111
Кызыл-Кыя шаарында каада-салттарды, салтанаттарды жана үрп-адаттарды тартипке келтирүүнү караган үйлөнүү үлпөтүн, үй-бүлөлүк, мааракелик салтанаттарды, маркумду эскерүү үрп-адаттарын жана маркумга арналган иш-чараларды өткөрүүнүн тартиби жөнүндө Жобонун аткарылышы
боюнча
Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” мыйзамынын 34-беренесине негиз, шаардык кеңештин Укук коргоо, мыйзамдуулук, депутаттык этика, регламент, коомдук уюмдар, үрп адат, религия (диний) жана улуттар аралык маселелери боюнча туруктуу комиссиясынын 2026-жылдын 15-майындагы №28 протоколун эске алып, Кызыл-Кыя шаардык кеңешинин сессиясы токтом кылат:
1. Кызыл-Кыя шаарында каада-салттарды, салтанаттарды жана үрп-адаттарды тартипке келтирүүнү караган үйлөнүү үлпөтүн, үй-бүлөлүк, мааракелик салтанаттарды, маркумду эскерүү үрп-адаттарын жана маркумга арналган иш-чараларды өткөрүүнүн тартиби жөнүндө Жобонун аткарылышы боюнча Кызыл-Кыя шаарынын мэринин орун басары И.Бабаевдин маалыматы эске алынсын жана аталган Жобонун толук кандуу аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы тапшырылсын.
2. Каада салттарды, салтанаттарды жана үрп-адаттарды тартипке келтирүүнү караган үйлөнүү үлпөтүн, үй-бүлөлүк, мааракелик салтанаттарды, маркумду эскерүү үрп-адаттарын жана маркумга арналган иш-чараларды өткөрүүнүн тартиби жөнүндө Жобонун аткарылышын активдештирүү жагы шаар мэри Б.Кошалиевге тапшырылсын.
3. Жобону аткарууга көмөк көрсөтүү үчүн Аялдар кеңеши, Аксакалдар кеңеши, шаардагы диний-кызматкерлер, үй жана кварталдык комитеттердин башчылары, ички иштер бөлүмү менен тыгыз иш алып баруу жагы шаардык мэрияга сунушталсын жана аткарылып жаткан иш-чаралар жергиликтүү ММКда чагылдырылсын.
4. Токтом мыйзамда каралган тартипте катталсын жана Кызыл-Кыя шаардык кенешинин kyzyl-kiya.gov.kg сайтына жарыялансын.
5. Токтом жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет.
6. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы шаардык кеңештин Укук коргоо, мыйзамдуулук, депутаттык этика, регламент, коомдук уюмдар, үрп адат, религия(диний) жана улуттар аралык маселелери боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага: |
А.Мурзаев |