Загрузка документа…
КЕҢ-ТАЛАА АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2026-жылдын 16-марты № 12
Кең-Талаа айыл аймагынын 2026-2028-жылдарга карата социалдык-экономикалык өнүгүү программасына (СЭӨПко) толуктоолорду киргизүү жана Коомдоштуктардын демилгеси боюнча улуттук долбоордун алкагында каржылоого сунушталган чакан долбоор тууралуу
Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө» Мыйзамына, Коомдоштуктардын демилгелери боюнча улуттук долбоордун талаптарына, Жумушчу топтун «25» февралындагы 2026-жылдагы протоколуна, коомдук угуунун жыйынтыгына таянып, Кең-Талаа айыл аймагынын айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кең-Талаа айыл аймагынын курамына кирген айылдарда Жумушчу топ тарабынан өткөрүлгөн фокус топтук талкуулоонун жана айылдарда онлайн аркылуу талкуулоо жана добуш берүүнүн жыйынтыгында аныкталган көйгөйлөр жана сунуштар талкууланып жумушчу топтун протоколундагы тизме боюнча айыл аймактын Социалдык-экономикалык өнүгүү программасынын тийиштүү бөлүмдөрүнө тиркемеге ылайык толуктоолор киргизилсин
жана тизме бекитилсин.(тизме тиркелет)
1. Социалдык инфраструктуралык чакан долбоорлор боюнча зарыл болгон документтердин топтому даярдалып АРИС ке жөнөтүлсүн
2. Экономикалык багыт боюнча Коомдоштуктардын демилгелери боюнча улуттук долбоордун конкурсуна тийиштүү документтер даярдалып тапшырылсын.
3. . Бул токтомдун аткарылышына көзөмөлдөө жагы айыл өкмөтүнүн башчысы Джумабаев Рамис Шайбековичке жүктөлсүн.
Кең-Талаа айылдык кеңешинин төрагасы: |
Б.Жумабайев |