Загрузка документа…
КЕҢ-ТАЛАА АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2026-жылдын 17-марты № 14
Коомчулуктардын демилгелери боюнча улуттук долбоорунун алкагында чакан долбоорлорду Коомчулукту өнүктүрүү жана инвестициялоо агенттигине сунуштоо жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Коомчулуктардын демилгелери боюнча улуттук долбоорунун
алкагында айыл аймагында социалдык жана экономикалык инфраструктураны өнүктүрүүгө
багытталган чакан долбоорлорду ишке ашыруу максатында Кең-Талаа айыл аймагынын айыл
өкмөтүнүн сунушун карап чыгып Кең-Талаа айылдык кенешинин Регламентинин 2- главасынын 2.1-пунктуна ылайык Кең-Талаа айылдык кенешинин кезектеги 4 сессиясы
токтом кылат:
1. Коомчулуктардын демилгелери боюнча улуттук долбоорунун алкагында чакан долбоорлор
сунушталсын:
- Социалдык инфраструктура: Мурас айылына УДТ имаратын куруу;
Бешкент айылындагы оорууканага кошумча имарат куруу;
Эски оочу айылына жабык мини футбол аянтчасын куруу;
- Экономикалык багыт: Айылдарда мөмө-жемиштерди кайра иштетуу цехтерин куруу
долбоорлору колдоого алынсын жана долбоорлорду Коомчулукту өнүктүрүү жана
инвестициялоо агенттиги аркылуу ишке ашырууга макулдук берилсин.
2. Айыл өкмөтүнө төмөнкүлөр милдеттендирилсин:
2.1. Социалдык инфраструктуралык чакан долбоор боюнча зарыл болгон документтердин
топтому даярдалып ,Коомчулукту өнүктүрүү жана инвестициялоо агенттигине жөнөтүл-
сүн.
2.2. Чакан долбоорду ишке ашырууда ачык- айкындуулук жана коомчулукту маалымдоо
камсыз кылынсын.
2.3. Экономикалык багыт боюнча Коомдоштуктардын демилгелери боюнча улуттук
долбоордун конкурсуна тийиштуу документтер даярдалып тапшырылсын
. 3. Бул токтомду аткаруу жагы Кең-Талаа айыл өкмөтүнүн башчысы Р.Ш Джумабаевге жүк-
төлсүн.
4. Бул токтомду көзөмөлдөө жагы “Бюджет.экономика,инвестиция,муниципиалдык менчик,
ишкердик иш жана тышкы экономикалык байланыш боюнча” туруктуу комиссиясынын
төрайымына милдеттендирилсин.
Кең-Талаа айылдык кеңешинин төрагасы: |
Б.Жумабайев |