Загрузка документа…
КЕҢ-ТАЛАА АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2026-жылдын 17-марты № 15
Кең-Талаа айыл аймагынын экономикалык- өнүктүрүү жана калкты социалдык жактан коргоо программасынын иш-чаралар планына 2026- жылга өзгөртүү,толуктоолорду киргизүү жөнүндө
“Бюджет,экономика,инвестиция,муниципиалдык менчик,ишкердик иш жана тышкы
экономикалык байланыш боюнча” туруктуу комиссиясынын төрайымы Джумакулова У. Х.
маалыматын угуп жана талкуулап Кең-Талаа айылдык Кеңешинин Регламентинин 2-глава-
сынын 2.1-пунктуна ылайык Кең –Талаа айылдык Кеңешинин кезексиз 4-сессиясы
токтом кылат:
1. Кең-Талаа айыл аймагынын социалдык-экономикалык өнүктүрүү жана калкты социал-
дык жактан коргоо программасынын иш чаралар планына 2026-жылга өзгөртүү жана
толуктоолор менен бекитилсин.
2. Кең-Талаа айыл өкмөтүнө иш чаралар планына киргизилген өзгөртүүлөрдү жана
толуктоолорду ишке ашыруу боюнча талапка ылайык иштерди жүргузүү милдеттен-
дирилсин.
3. Бул токтом Кең-Талаа айыл өкмөтүнүн https;II ken-talaa.gov KG расмий веб-сайтына
жарыялансын.
4. Бул токтомду көзөмөлдөө“Бюджет,экономика,инвестиция,муниципиалдык менчик,ишкердик иш жана тышкы экономикалык байланыш боюнча” туруктуу
комиссиясынын төрайымына милдеттендирилсин.
Кең-Талаа айылдык кеңешинин төрагасы: |
Б.Жумабайев |