Загрузка документа…
КЕҢ-ТАЛАА АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2026-жылдын 29-апрели № 18
Айыл чарба багытындагы жерлерди ,Калктуу конуштар жерлери багытына которуу жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Жер Кодексинин 11-беренесине ылайык, Кең-Талаа айыл аймагына караштуу Кайрагач айылындагы № 1112- контурдан 0,15 га жердин,Андархам айылынын Шахмур участкасынан № 892-контурдан 0,04 га. Бешкент айылынын Шоро участкасынан № 1009-контурунан 0,04 га, Актам участкасынан № 892-контурунан 0,04 га жерлердин багытын өзгөртүү жөнүндөгү Кең-Талаа айыл өкмөтүнүн сунуш катын угуп жана талкуулап Кең-Талаа айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кең-Талаа айыл аймагына караштуу Кайрагач айылындагы № 1112- контурдан 0,15га жерди кичи футбол аянтчасын куруу үчүн, Андархам айылынын Шахмур участкас ынын № 892-контурунан 0.04 га, Бешкент айылынын Актам участкасынын № 892-контурунан 0,04 га,Бешкент айылынын Шоро участкасынын № 1009-контурунан 0.04 га жайыт жер тилкелерине мечит куруу үчүн “Айыл чарба багытындагы” жерлерди,”Калктуу конуштардын жерлери” багытына которууга макулдук берилсин.
2. Тиешелүү иш-кагаздарын Кыргыз Республикасынын нормативдик-укуктук актыларына ылайык жүргүзүү Кең-Талаа айыл өкмөтүнүн жер жана турак жай боюнча адиси Ж.Бекботоевго жүктөлсүн.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Кең-Талаа айылдык Кеңешинин
муниципиалдык менчик,айыл чарба жана жер боюнча туруктуу комиссиясына тапшы-
рылсын.
Кең-Талаа айылдык кеңешинин төрагасы: |
Б.Жумабайев |