Загрузка документа…
КЕҢ-ТАЛАА АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2026-жылдын 29-апрели № 22
Кең-Талаа айыл аймагындагы айылдарда каза болгон жарандарды көмүү жана мүрзөгө коюлуучу курулмаларды орнотуу тартиби жана каалоочулар үчүн сөөктү жайга коюу жерин брондоо жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 14-февралындагы № 67 “Каза болгон жарандарды көмүү жана мүрзөгө коюлуучу курулмаларды орнотуу тартиби жөнүндө нускаманы бекитүү тууралуу токтому,2025-жылдын 19-августундагы № 502,2025-жылдын 10-декабрындагы № 795 сандуу токтомдорун ,Кең-Талаа айыл аймагында ЖЭБО башчысы жана аймактын имамдары менен өткөрүлгөн 2025-жылдын 20-апрелиндеги жалпы чогулушунун протоколунун негизинде Кең-Талаа айылдык кеңеши
Т О К Т О М К Ы Л А Т:
1. Кең-Талаа айыл аймагындагы айылдарда каза болгон жарандарды көмүү жана мүрзөгө коюлуучу курулмаларды орнотуу тартиби жана каалоочулар үчүн сөөктү жайга коюу жерин брондоо баасы 200 сом болуусуна макулдук берилсин.
2. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө мамлекеттик мыйзамдуулукту.коомдук тартип жана жарандардын укугун сактоо боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын .
Кең-Талаа айылдык кеңешинин төрагасы: |
Б.Жумабайев |