Загрузка документа…
БАТКЕН ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Баткен шаардык Кеңешинин VIII чакырылышынын кезектеги XIV сессиясы
2026-жылдын 28-майы № 24
Зордук-зомбулуктун алдын алуу жана жашы жете элек балдардын укуктарын коргоо боюнча жүргүзүлүп жаткан иштеринин абалы жөнүндө
Кыргыз Республикасынын 2021-жылдын 20-октябрындагы “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” №123 Мыйзамынын 27-берененин 22-пунктуна, Баткен шаардык Кеңешиниин 2026-жылга бекитилген иш-планына жана Баткен шаардык Кеңешинин социалдык жана инновациялык жактан өнүгүү, билим берүү, саламаттыкты сактоо, маданият, жаштар саясаты, спорт, туризм, тазалыкты сактоо, ветеринардык, санэпид кызматтары боюнча туруктуу комиссиясынын 2026-жылдын 19-майындагы корутундусуна ылайык Баткен шаардык Кеңешинин VIII чакырылышынын кезектеги XIV сессиясы токтом кылат:
Төрага |
А.Аширов |
Баткен шаардык Кеңешинин VIII
чакырылышынын кезектеги XIV
сессиясынын №______ токтомуна
№1 тиркеме
Баткен райондор аралык эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция башкармалыгы, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2019-жылдын 1-августундагы “Үй-бүлөлүк зомбулуктан сактоо жана коргоо жөнүндө” № 390 токтомдорунун талаптарын аткарууга алып, Баткен шаарынын аймагындагы орто мектептеринде “Зордук зомбулуктун алдын алуу жана болтурбоо боюнча” балдардын ден-соолугуна, руханий жана адеп-ахлак өнүгүүсүнө зыян келтирүүнүн алдын алуу, балдарга карата укук бузуулардын, үй-бүлөлүк зордук-зомбулуктардын, кылмыштардын, кырсыктардын алдын алуу боюнча дайыма иш-чаралар жүргүзүп, Үй-бүлө жана балдарды коргоо бөлүмүнүн кызматкерлери тарабынан массалык маалымат каражаттары аркылуу: жергиликтүү Баткен облустук медиа борборужана радио Салам “Ачык Микрофон” берүүлөр аркылуу түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп турат. Зордук-зомбулуктарга кабыл болгон балдар жана ата-энелер үчүн 111 жана 117 – акысыз күнү түнү ыкчам ишеним телефондору иштеп келет. Үй-бүлө жана балдарды коргоо бөлүмүнүн кызматкерлери тарабынан купуялыкты сактоо менен балдарга жана ата-энелерге консультациялык-психологиялык жардамдар берилип турат.
Кыргыз Республикасынын “Укук бузуулардын алдын алуунун негиздери жөнүндө”, Кыргыз Республикасынын “Үй-бүлөлүк зомбулуктан сактоо жана коргоо жөнүндө” мыйзамдарынын талаптарын аткаруу максатында 2026-жылдын январь айында “Зордук зомбулуктун алдын алуу жана болтурбоо боюнча” Баткен райондор аралык эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция башкармалыгынын Үй-бүлөнү колдоо жана балдарды коргоо бөлүмү, билим берүү жана ички иштер бөлүмдөрүнүн кызматкерлери менен биргеликте Баткен облустук гимназия жатак мектебинде окуучулар жана ата-энелер арасында чогулуш өткөрүлүп, окуучулар тарабынан теарт форум аткарылды.
Жергиликтүү комиттеттердин ишмердүүлүгүн жандандыруу максатында башкармалыктын 2026-жылдын февраль айында Балдарды коргоо жана үй-бүлөнү колдоо бөлүмүнүн жана Баткен ШИИБдин кызматкерлери биргеликте Үй-бүлөлүк зордук –зомбулуктун, эрте никеге туруунун, укук бузуулардын, кылмыштуулуктун алдын алуу жөнүндө Баткен шаарынын С.Айтматов орто мектебинин окуучуларына жана мугалимдерине түшүндүрүү иштерин жүргүзүштү.
2026-жылдын март айында Баткен шаарынын Кызыл-Жол жана А.Имаров орто мектептеринде, ал эми апрель айында Ж.Бөкөнбаев орто мектебинде зордук-зомбулуктун алдын алуу жана ата-энелердин жоопкерчилиги, кыз балдардын эрте никеге туруусунун кесепеттери жана алдын алуу чаралары, кыздардын өздөрүн коом алдында туура алып жүрүү маданияты боюнча “Зордук-зомбулукка каршыбыз!” аталышындагы иш-чара болуп өттү. Ошондой эле 2026-жылдын апрель айында Балдарды коргоо жана үй-бүлөнү колдоо бөлүмүнүн жана Баткен ШИИБдин кызматкерлери биргеликте “Түнкү өспүрүм” аталышындагы рейддик иш-чарага чыгышып кечки саат 20:00 дөн кийин көчөдө жүргөн жашы жете элек өспүрүмдөргө көзөмөл жүргүзүлдү.
Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин 2025-жылдын 18-февралындагы № 26 “Балдарды социалдык коштоо боюнча социалдык кызматкерлер жөнүндө” буйругуна ылайык мамлекеттик коргоого муктаж болгон балдарды социалдык коштоо боюнча Баткен шаары боюнча штаттык ыратма менен 4 соц.кызматкер алынып, балдарды социалдык коштоо боюнча иштеп башташты. Жаңы кабыл алынган социалдык кызматкерлер байма-бай кесиптик билим, көндүмдөрүн өнүктүрүүчү окуулардан өтүп, психологиялык семинарларга катышышты.
Акыркы мезгилде өлкөбүздө балдарга карата үй-бүлөлүк зомбулуктун фактылары көбөйүп, алардын айрым учурлары балдардын ден соолугуна оор жаракат алуу менен коштолуп, резонанс жараткан окуяларга байланыштуу, Кыргыз Республикасынын “Үй-бүлөлүк зомбулуктан сактоо жана коргоо жөнүндө” Мыйзамы менен үй-бүлөлүк зомбулуктан коргоону жана сактоону жүзөгө ашыруучу 17 субъекттердин ыйгарым укуктары аныкталган. Жогоруда белгиленген Мыйзамдын 11-беренесинин 2-пунктунун 5-подпунктуна ылайык, социалдык өнүктүрүү органдары үй-бүлөлүк зомбулуктан сактоо жана коргоо чөйрөсүндө маалыматтык жана агартуучулук ишти жүзөгө ашырат. Ушуга байланыштуу, Үй-бүлөлүк зомбулуктун алдын алуу (эскертүү) максатында Баткен райондор аралык эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция башкармалыгы, ички иштер, билим берүү жана саламаттыкты сактоо органдары менен биргеликте оор турмуштук кырдаалга кабыл болгон үй-бүлөлөрдү жана балдарды үймө-үй кыдыруу уюштуруп, жарандардын укуктарын жана эркиндиктерин коргоого, зомбулуксуз жана чыр-чатаксыз жүрүм-турумдарга үгүттөөгө, кайсы болбосун адамды басмырлоого жол бербөөгө багытталган, үй-бүлөлүк зомбулуктан сактоо жана коргоо чөйрөсүндөгү маалыматтык жана агартуучулук иш-чараларды жүргүзүп келет.
Баткен райондор аралык эмгек,
социалдык камсыздоо жана миграция
башкармалыгынын башчысы: А. Эрмамат уулу