Загрузка документа…
БАТКЕН ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Баткен шаардык Кеңешинин VIII чакырылышынын кезектеги XIV сессиясы
2026-жылдын 28-майы № 25
Баткен шаарынын “Жаш кеменгер” наамын ыйгаруу жөнүндө
Кыргыз Республикасынын 2021-жылдын 20-октябрындагы №123 “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” Мыйзамынын 34-беренесинин 17-пунктуна, Баткен шаардык Кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги VIII сессиясынын №32 токтому менен бекитилген 2022-жылдын 17-июнундагы №32 “Баткен шаарынын “Жаш кеменгер” наамын ыйгаруу жөнүндө” токтомуна ылайык, ошондой эле Баткен шаарынын аймагында илим, билим, маданият, спорт тармактарында жекече жетишкендиктерге жетишкен өспүрүмдөрдү колдоо, аларды Ата-Мекенди сүйүүгө, мекенчилдиккке жана жоопкерчиликке тарбиялоо, орто билим берүү чөйрөсүндөгү жетишкендиктерин баалоо максатында, Баткен шаардык Кеңешинин социалдык жана инновациялык өнүгүү, билим берүү, саламаттыкты сактоо, маданият, жаштар саясаты, спорт, туризм, тазалыкты сактоо, ветеринардык, санэпид кызматтар боюнча туруктуу комиссиясынын 2026-жылдын 19-майындагы корутундусунун негизинде Баткен шаардык Кеңешинин VIII чакырылышынын кезектеги XIV сессиясы токтом кылат:
1.Баткен шаарындагы Ж.Бөкөнбаев атындагы орто мектебинин 11-классынын окуучусу, Жоробаева Асель Кубанычбековнага- “физика предмети” боюнча окуудагы жетишкендиги үчүн Баткен шаарынын “Жаш кеменгери” наамы ыйгарылсын.
2.Баткен шаарынын “Мыкты өспүрүмдөрү” наамы, билим алуудагы, спорттогу жана маданияттагы жетишкендиктери үчүн төмөнкү окуучуларга ыйгарылсын:
- Маматисакова Мираида Жыргалбековна –Баткен областтык жатак-мектебинин 11-классынын окуучусу, “билим алуудагы жетишкендиги жана лидерлик сапаты” үчүн;
-Султаналиев Нурилло Абдималикович- В.И.Ленин атындагы орто мектебинин 11-классынын окуучусу, “спорт” тармагындагы жаратмандыгы үчүн;
-Касымова Уркия – Айтбай Имаров-Кызыл-Топу атындагы орто мектебинин 11-классынын окуучусу, “окуудагы мыкты жетишкендиги жана үлгүлүү жүрүм туруму” үчүн;
-Курбанова Мариям – Кызыл-Жол жалпы билим берүү мекебинин 11-классынын окуучусу, “окуудагы жетишкендиги” үчүн;
-Аятова Айтаңшы Адилбековна – С.Айтматов атындагы орто мектебинин 11-классынын окуучусу,”спорт тармагындагы” жетишкендиги үчүн;
3. Аталган наамдын ээлери “Баткен шаарынын “Мыкты өспүрүмдөрү” китебине жазылсын
4.Токтом мамлекеттик каттоого киргизүү үчүн Баткен облусттук юстиция
башкармалыгына жиберилсин.
5.Токтом шаар калкына шаардык Кеңештин расмий сайты аркылуу жеткирилсин.
6.Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Баткен шаардык Кеңешинин социалдык жана инновациялык жактан өнүгүү, билим берүү, саламаттыкты сактоо, маданият, жаштар саясаты, спорт, туризм, тазалыкты сактоо, ветеринардык, санэпид кызматтары боюнча туруктуу комиссиясына /С.Абдинаби у/ тапшырылсын.
Төрага |
А.Аширов |