Загрузка документа…
БАТКЕН ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Баткен шаардык Кеңешинин VIII чакырылышынын кезектеги XIV сессиясы
2026-жылдын 28-майы № 26
Баткен шаарынын Базар-Башы айымактык башкармалыгынын Жаштык көчөсүнүн №9/1 дарегиндеги А.Г.Сеитбурхановго таандык 500,0 м2 өлчөмүндөгү жеке турак жайынын максаттуу багытын өзгөртүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” №23 Мыйзамынын 27-беренесинин 15-пунктуна, Шаар куруу жана архтектура департаментинин Баткен регионалдык шаар куруу жана архитектура башкармалыгынын 2026-жылдын 10-апрелиндеги №126 корутундусунун жана Баткен шаардык Кеңешинин архитектура, курулуш иши, транспорт жана коммуналдык чарба, муниципалдык менчик, таза суу, сугат суу, айыл чарба жер маселелери боюнча туруктуу комиссиясынын корутундусунун негизинде Баткен шаардык Кеңешинин VIII чакырылышынын кезектеги XIV сессиясы токтом кылат:
1.Баткен шаарынын Базар-Башы айымактык башкармалыгынын Жаштык көчөсү №9/1 дарегинде жайгашкан Сеитбурханов Алмасбек Гапыровичке таандык жалпы аянты 500,0м2 өлчөмүндөгү “аралаш турак-жай жана коомдук курулуштар аймактары” багытындагы, жеке менчик жер аянтынын максаттуу багыты “мечит жана медресе куруу аймагы” багытына өзгөртүүгө макулдук берилсин.
2.Жер аянтына тиешелүү иш кагаздарын жүргүзүү Баткен шаарынын мэриясына /С.Кулубаев/ тапшырылсын.
3.Токтом шаар калкына шаардык Кеңешинин расмий сайты аркылуу жеткирилсин.
4.Токтом мамлекеттик реестрине катталуу үчүн Баткен облустук юстиция башкармалыгына жөнөтүлсүн.
5.Баткен шаардык Кеңешинин архитектура, курулуш иши, транспорт жана коммуналдык чарба, муниципалдык менчик, таза суу, сугат суу, айыл чарба жер маселелери боюнча туруктуу комиссиясына /Т.Ураимжанов/ тапшырылсын.
Төрага |
А.Аширов |