Загрузка документа…
БАТКЕН ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Баткен шаардык Кеңешинин VIII чакырылышынын кезектеги XIV сессиясы
2026-жылдын 28-майы № 27
“Баткен шаарынын башкы планына ылайык И.Каюмов көчөсүндөгү муниципалдык менчиктин карамагындагы 3,32 га жер аянтына өзгөртүү киргизүү жөнүндө” Баткен шаардык Кеңешинин VII чакырылыштагы №58 токтомуна толуктоолорду киргизүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” №23 Мыйзамынын 27-беренесинин 1-2-пункттарына, Баткен шаарынын мэриясынын 2026-жылдын 19-майындагы №01-12/2877 катынын, Баткен шаардык Кеңешинин архитектура, курулуш иши, транспорт жана коммуналдык чарба, муниципалдык менчик, таза суу, сугат суу, айыл чарба жер маселелери боюнча туруктуу комиссиясынын корутундусунун негизинде Баткен шаардык Кеңешинин VIII чакырылышынын кезектеги XIV сессиясы токтом кылат:
1. Баткен шаарынын башкы планына ылайык И.Каюмов көчөсүндөгү муниципалдык менчиктин карамагындагы 3,32 га жер аянтына өзгөртүү киргизүү жөнүндө” Баткен шаардык КеңешининVII чакырылыштагы №58 токтомуна төмөнкүдөй толуктоолор киргизилсин:
-Баткен шаарынын Базар-Башы аймактык башкармалыгынын И.Каюмов көчөсүндө жайгашкан муниципалдык менчиктин карамагындагы жалпы аянты 3,32 га болгон жер тилкесинин ичинен 0,08га жер аянтын “шаардын борбордук бөлүгүндө коомдук активдүү ишмердүүлүк жүргүзүүнүн жана коммерциялык зона” (Ц-1) категориясына бөлүп берүүгө макулдук берилсин.
2.Аталган жер аянтына керектүү болгон юридикалык иш кагаздарын жүргүзүү Баткен шаарынын мэриясына /С.Кулубаев/ тапшырылсын.
3.Бул токтом шаар калкына шаардык Кеңешинин расмий сайты аркылуу жеткирилсин.
4.Бул токтом мамлекеттик ченемдик укуктук актылардын мамлекеттик реестрине катталуу үчүн Баткен облустук юстиция башкармалыгына жөнөтүлсүн.
5.Баткен шаардык Кеңешинин архитектура, курулуш иши, транспорт жана коммуналдык чарба, муниципалдык менчик, таза суу, сугат суу, айыл чарба жер маселелери боюнча туруктуу комиссиясына /Т.Ураимжанов/ тапшырылсын.
Төрага |
А.Аширов |