Загрузка документа…
БАТКЕН ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Баткен шаардык Кеңешинин VIII чакырылышынын кезектеги XIV сессиясы
2026-жылдын 28-майы № 28
“Баткен шаар аймагында жер аянттарынын тиешелүү бөлүктөрүн багытын өзгөртүүгө Баткен шаарынын мэриясынын программасына макулдук берүү жөнүндөгү” Баткен шаардык Кеңешинин 2025-жылдын 25-декабрындагы VIII чакырылышынын кезектеги XI сессиясынын №86 токтомуна толуктоолорду киргизүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Жер Кодексинин 14-статьясынын 6-пунктуна, 18-статьясына жана Баткен шаарынын мэриясынын 2026-жылдын 24-мартындагы №01-12/1614 “Баткен шаарынын аймагындагы жер аянттарынын тиешелүү бөлүктөрүн өзгөртүүгө карата программасы” сунушунун жана Баткен шаардык Кеңешинин архитектура, курулуш иши, транспорт жана коммуналдык чарба, муниципалдык менчик, таза суу, сугат суу, айыл чарба жер маселелери боюнча туруктуу комиссиясынын корутундусунун негизинде Баткен шаардык Кеңешинин VIII чакырылышынын кезектеги XIV сессиясы токтом кылат:
1.“Баткен шаар аймагындагы жер аянттарынын тиешелүү бөлүктөрүн багытын өзгөртүүгө Баткен шаарынын мэриясынын программасына макулдук берүү жөнүндөгү” Баткен шаардык Кеңешинин 2025-жылдын 25-декабрындагы VIII чакырылышынын кезектеги XI сессиясынын №86 токтомуна толуктоолор киргизилсин.
- “Баткен шаар аймагындагы жер аянттарынын тиешелүү бөлүктөрүн багытын өзгөртүүгө Баткен шаарынын мэриясынын программасына кошумча тиркеме менен толукталууга макулдук берилсин. (программа тиркелет)
2. Токтом шаар калкына шаардык Кеңешинин расмий сайты аркылуу жеткирилсин.
3.Токтом мамлекеттик реестрине катталуу үчүн Баткен облустук юстиция башкармалыгына жөнөтүлсүн.
4. Баткен шаардык Кеңешинин архитектура, курулуш иши, транспорт жана коммуналдык чарба, муниципалдык менчик, таза суу, сугат суу, айыл чарба жер маселелери боюнча туруктуу комиссиясына /Т.Ураимжанов/ тапшырылсын.
Төрага |
А.Аширов |
Баткен шаардык Кеңешинин VIII чакырылышынын кезектеги
XIV сессиясынын №____ токтомуна
№1 тиркеме
Баткен шаарынын аймагындагы “Айыл чарба” жана “Турак жай” багытындагы жер аянттарын “Коммерциялык”, “Өнөр жай” жана
“Социалдык” багыттарына которуу боюнча
ПРОГРАММАСЫ
Баткен шаарынын мэриясы, шаардын тургундарынын муктаждыктарынын жана мамлекеттик кызыкчылыктардын негизинде керектүү жер аянттарынын багытын которуу зарылчылыгы келип чыгууда.
Баткен шаары боюнча жалпы 3100,0га жер аянтынын ичинен 2026-жыл ичинде “Айылчарба” жана “Турак жай”багытындагы жер аянттарынан “Коммерциялык”, “Өнөр жай” жана “Социалдык” багытына которууга мамлекеттик 220,0га, муниципалдык 360,0га, жеке турак жай 28,0га жалпы 608,0га жер аянтынын багытын которуу мерчемделип жатат.
1. Чет-Булак аймактык башкармалгынын жалпы аянты 900,0га болсо, 2026-жыл ичинде “Айылчарба” жана “Турак жай”багытындагы жер аянттарынан “Коммерциялык”, “Өнөр жай” жана “Социалдык” багытына которууга мамлекеттик 80га, муниципалдык 100га, жеке турак жай 8га жалпы 188га жер аянтынын багытын которуу мерчемделип жатат.
2. Кызыл-Дөң аймактык башкармалыгынын жалпы аянты 500,0га болсо, 2026-жыл ичинде “Айылчарба” жана “Турак жай” багытындагы жер аянттарынан “Коммерциялык”, “Өнөр жай” жана “Социалдык” багытына которууга мамлекеттик 20га, муниципалдык 60га, жеке турак жай 3га жалпы 83га жер аянтынын багытын которуу мерчемделип жатат.
3. Келечек аймактык башкармалыгынын жалпы аянты 250,0га болсо, 2026-жыл ичинде “Айылчарба” жана “Турак жай”багытындагы жер аянттарынан “Коммерциялык”, “Өнөр жай” жана “Социалдык” багытына которууга мамлекеттик 5га, муниципалдык 10га, жеке турак жай 8га жалпы 23га жер аянтынын багытын которуу мерчемделип жатат.
4. Кызыл-Жол аймактык башкармалыгынын жалпы аянты 900,0га болсо, 2026-жыл ичинде “Айылчарба” жана “Турак жай”багытындагы жер аянттарынан “Коммерциялык”, “Өнөр жай” жана “Социалдык” багытына которууга мамлекеттик 100га, муниципалдык 100га, жеке турак жай 3га жалпы 203га жер аянтынын багытын которуу мерчемделип жатат.
5. Базар-Башы аймактык башкармалыгынын жалпы аянты 300,0га болсо, 2026-жыл ичинде “Айылчарба” жана “Турак жай”багытындагы жер аянттарынан “Коммерциялык”, “Өнөр жай” жана “Социалдык” багытына которууга мамлекеттик 10га, муниципалдык 40га, жеке турак жай 3га жалпы 53га жер аянтынын багытын которуу мерчемделип жатат.
6. Булак-Башы аймактык башкармалыгынын жалпы аянты 250,0га болсо, 2026-жыл ичинде “Айылчарба” жана “Турак жай”багытындагы жер аянттарынан “Коммерциялык”, “Өнөр жай” жана “Социалдык” багытына которууга мамлекеттик 5га, муниципалдык 50га, жеке турак жай 3га жалпы 58га жер аянтынын багытын которуу мерчемделип жатат.