Загрузка документа…
БАТКЕН ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Баткен шаардык Кеңешинин VIII чакырылышынын кезектеги XIV сессиясы
2026-жылдын 28-майы № 29
Баткен шаарынын мэриясына “Баткен облусунун Өнүктүрүү фондунун жана жергиликтүү бюджеттин эсебинен атайын техникаларды сатып алууга
макулдук берүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” №23 Мыйзамынын 27-беренесинин 1;3-пункттарына жана Баткен шаарынын мэриясынын 2026-жылдын 19-майындагы №01-12/2898 катынын, Баткен шаардык Кеңешинин архитектура, курулуш иши, транспорт жана коммуналдык чарба, муниципалдык менчик, таза суу, сугат суу, айыл чарба жер маселелери боюнча туруктуу комиссиясынын корутундусунун негизинде Баткен шаардык Кеңешинин VIII чакырылышынын кезектеги XIV сессиясы токтом кылат:
1.Баткен шаарынын мэриясына “Баткен облусунун Өнүктүрүү фондунун жана жергиликтүү бюджеттин эсебинен төмөнкү атайын техникаларды сатып алууга макулдук берилсин:
1.Hyundai R140 W-9 (13 088 000 сом) - Траншейный-узкий ков,
- Планировачный ковш, - Гидрозахват.
2.Hyundai R60 -9S (7 917 000 сом) - Траншейный-узкий ков, - Планировачный ковш, - Гидромолот SB 40.
3.Боп кат (мини погрузчик япония) (3 532 980 сом) -3 насадкасы менен, бур, шыпыргы, траншея казуучу.
4.Автобуз ISUZU HD 50 (6 777 375 сом)
5.Хова поливалка 10 т (2 623 500 сом)
6.Портер (1 800 000 сом)
2. Токтом шаар калкына шаардык Кеңешинин расмий сайты аркылуу жеткирилсин.
3.Токтом мамлекеттик реестрине катталуу үчүн Баткен облустук юстиция башкармалыгына жөнөтүлсүн.
4. Баткен шаардык Кеңешинин архитектура, курулуш иши, транспорт жана коммуналдык чарба, муниципалдык менчик, таза суу, сугат суу, айыл чарба жер маселелери боюнча туруктуу комиссиясына /Т.Ураимжанов/ тапшырылсын.
Төрага |
А.Аширов |