Загрузка документа…
Токтом долбоору
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ШАЙЛОО ЖАНА РЕФЕРЕНДУМ ӨТКӨРҮҮ БОЮНЧА БОРБОРДУК КОМИССИЯСЫНЫН ТОКТОМУ
2026-жылдын 11-июну № 68
Ак-Талаа, Чүй, Жайыл, Ысык-Ата, Баткен, Лейлек, Кадамжай жана Талас аймактык шайлоо комиссияларынын жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу жана бош калган мандаттарды шайланган депутаттардан кийинки талапкерлерге өткөрүп берүү жөнүндө чечимдерин бекитүү тууралуу
Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясына аймактык шайлоо комиссияларынын жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу жана бош калган мандаттарды шайланган депутаттардан кийинки талапкерлерге өткөрүп берүү жөнүндө чечимдери келип түштү:
1) “Жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын статусу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 3-беренесинин 1-пунктунун жана “Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 52-беренесинин 2-бөлүгүнүн 1-пунктунун негизинде депутаттык ыйгарым укуктарын тапшыруу жөнүндө жазуу жүзүндө арыз бергендигине байланыштуу жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу жөнүндө чечимдер:
– Ак-Талаа аймактык шайлоо комиссиясынын 2026-жылдын 26-майындагы № 3 Нарын облусунун Ак-Талаа районунун Баетов айылдык кеңеши боюнча;
– Чүй аймактык шайлоо комиссиясынын 2026-жылдын 26-майындагы № 5 Чүй облусунун Чүй районунун Биримдик айылдык кеңеши боюнча;
– Жайыл аймактык шайлоо комиссиясынын 2026-жылдын 3-июнундагы № 5 Чүй облусунун Жайыл районунун Талды-Булак айылдык кеңеши боюнча;
– Ысык-Ата аймактык шайлоо комиссиясынын 2026-жылдын 3-июнундагы № 9 Чүй облусунун Ысык-Ата районунун Жайылма айылдык кеңеши боюнча;
– Баткен аймактык шайлоо комиссиясынын 2026-жылдын 2-июнундагы № 3 Баткен облусунун Баткен районунун Ак-Сай айылдык кеңеши боюнча;
– Лейлек аймактык шайлоо комиссиясынын 2026-жылдын 3-июнундагы № 2 Баткен облусунун Лейлек районунун Раззаков шаардык кеңеши боюнча;
– Кадамжай аймактык шайлоо комиссиясынын 2026-жылдын 5-июнундагы № 9 Баткен облусунун Кадамжай районунун А. Масалиев айылдык кеңеши боюнча;
– Талас аймактык шайлоо комиссиясынын 2026-жылдын 4-июнундагы № 13 Талас облусунун Талас районунун Шумкар-Уя айылдык кеңеши боюнча;
2) “Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 52-беренесинин 1-бөлүгүнүн 1-пунктунун жана 1-1-пунктунун негизинде бош калган мандатты тиешелүү көп мандаттуу шайлоо округу боюнча добуш берүүгө катышкан шайлоочулардын добуштарынын көбүн алган шайланган депутаттардан кийинки талапкерге өткөрүп берүү жөнүндө чечимдер:
– Ак-Талаа аймактык шайлоо комиссиясынын 2026-жылдын 26-майындагы № 3 Нарын облусунун Ак-Талаа районунун Баетов айылдык кеңеши боюнча;
– Чүй аймактык шайлоо комиссиясынын 2026-жылдын 26-майындагы № 6 Чүй облусунун Чүй районунун Биримдик айылдык кеңеши боюнча;
– Жайыл аймактык шайлоо комиссиясынын 2026-жылдын 3-июнундагы № 6 Чүй облусунун Жайыл районунун Талды-Булак айылдык кеңеши боюнча;