Загрузка документа…
БАЛЫКЧЫ ШААРДЫК КЕҢЕШИНИН
XXIХ ЧАКЫРЫЛЫШЫНЫН ХХIV СЕССИЯСЫ
ТОКТОМ
2026-жылдын 18-июну айы №116
Балыкчы шаардык “Суу түтүкчөлөр” муниципалдык ишканасынын муниципалдык менчиктеги атайын техникалардын акы төлөнүүчү кызмат көрсөтүүлөрүнө карата нарк эсебин ( прейскурант ) бекитүү жөнүндө
Балыкчы шаарынын мэриясынын 2026-жылдын 19-майындагы №01-13/1939 кайрылуусунун негизинде, шаардык кенештин алдындагы экономика, салык, бюджет жана финансы маселелери боюнча депутаттык комиссиянын сунушун карап, талкуулап, Балыкчы шаардык кенешинин сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Балыкчы шаардык “Суу түтүкчөлөр” муниципалдык ишканасынын муниципалдык менчиктеги атайын техникалардын кызмат көрсөтүүлөрүнө карата нарк эсеби (прейскурант) №1 тиркемеге ылайык бекитилсин.
2. Балыкчы шаардык Кенешинин 2018-жылдын 24-июнундагы №4, 2021-жылдын 16-мартындагы №5, 2022-жылдын 18-августундагы №5 Балыкчы шаардык “Суу түтүкчөлөр” муниципалдык ишканасынын муниципалдык менчиктеги атайын техникалардын кызмат көрсөтүүлөрүнө карата нарк эсеби (прейскуранты) жөнүндө” токтомдору жокко чыгарылсын
3. Ушул токтом тиркемеси менен кошо Балыкчы шаарынын мэриясынын расмий веб- сайтында https://balykchy.gov.kg жарыялансын.
4. Мамлекеттик тилде кабыл алынган тийиштүү ченемдик укуктук акты каттоого алынсын жана токтомдун көчүрмөсү тиркемелери менен бирге ченемдик укуктук актылардын Мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин Ысык-Көл облустук башкармалыгына жөнөтүлсүн.
5. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Балыкчы шаардык кеңешинин алдындагы экономика, салык, бюджет жана финансы маселелери боюнча туруктуу комиссиясына жана Балыкчы шаарынын мэрине жүктөлсүн.
Кеңештин төрагасы Д.Ж.Аманалиев
БЕКИТИЛДИ
Балыкчы шаардык кеңешинин
XXIV сессиясынын
№ 116-токтому 1-тиркеме
18-июнь 2026-жыл ________________________
Балыкчы шаардык “Суу түтүкчөлөр” муниципалдык ишканасынын муниципалдык менчиктеги атайын техникалардын акы төлөнүүчү кызмат көрсөтүүлөрүнө карата нарк эсебин ( прейскурант ) бекитүү жөнүндө
№ | Кызмат көрсөтүү түрлөрү
| Кызмат көрсөтүү баалары (сом) |
1. | Колесный экскаватор «Хундай» W-140-S5 | 4464,04 |
2. | Кран-манипулятор со стропальщиком | 2678,77 |
3. | Кран-манипулятор без стропальщика | 2577,28 |
4. | JCB Экскаватор-погрузчик JСB | 3076,15 |
5. | АСС-м Дун-Фен GLW 5090 GX3 | 2822,79 |
6. | Комбинир. каналопромывочная а/м Дун-Фен GLW 5253 XW3 | 4092,27 |
7. | А/м для гидродинамической промывки трубопровода КО-560 на шасси Камаз 65115 Maxima |
3197,07 |
8. | А/м для производства ремонтно-технических работ Ford Transit | 2974,06 |
9. | Самосвал Isuzu | 3278,34 |
10. | Бензогенератор TSS SGG 16000 ЕН3LА | 1904,81 |
11. | Гидравлический стыковой сварочный аппарат ПРОСВАР С400 ,С450,С500,С630,С800,С100,С1200 |
1433,05 |
12. | Суу эсептегичтерин орнотуу (Установка водомеров) | 799,6 |
13. | Суу эсептегичке көзөмөл пломбасын кайра орнотуу (Повторная установка контрольной пломбы на водом) | 338,4 |
14. | Суу түтүгүнүн вентилин алмаштыруу жана орнотуу (Замена и установка водопроводного вентиля) | 542,4 |
15. | Ысырмалар аркылуу сууну жабуу (Перекрытие воды через задвижки) | 282,6 |
16. | Канализациялык кароо кудуктарын тазалоо (Очистка канализационных смотровых колодцев) | 542,4 |
17. | 4-разряддагы слесардын жумушу (Работа слесаря 4 разряда) | 504,4 |
18. | Канализация тармагына туташтыруу (Подключение к канализационной сети) | 505,8 |
19. | Суу түтүк тармагына туташтыруу /ажыратуу (электр ширетүү) (Подкл./откл. К водопроводной сети (эл.сварка) | 2923,5 |
20. | Суу түтүк тармагына туташтыруу /ажыратуу (газ менен ширетүү)(Подкл./откл. К водопроводной сети (газо сварка) | 799,6 |
21. | Электриктердин жумушу (Работа электриков) | 473,8 |
22. | Инженер-геодезистин жумушу (Работа инженера-геодезиста) | 337,8 |
Жетекчи Шактыбеков Э.