БАЛЫКЧЫ ШААРДЫК КЕҢЕШИНИН
XXIХ ЧАКЫРЫЛЫШЫНЫН ХХIV СЕССИЯСЫ
ТОКТОМ
2026-жылдын 18-июну айы №117
Балыкчы шаарынын мэриясынын алдындагы “Көрктөндүрүү жана санитардык тазалык” муниципалдык ишканасынын акы төлөнүүчү кызмат көрсөтүүлөрүнө карата нарк эсебин (прейскурант) бекитүү жөнүндө
Балыкчы шаарынын мэриясынын 2026-жылдын 19-майындагы №01-13/2289 кайрылуусунун негизинде, шаардык кенештин алдындагы экономика, салык, бюджет жана финансы маселелери боюнча депутаттык комиссиянын сунушун карап, талкуулап, Балыкчы шаардык кенешинин сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
- Балыкчы шаарынын мэриясынын алдындагы “Көрктөндүрүү жана санитардык тазалык” муниципалдык ишканасынын атайын техникалардын акы төлөнүүчү кызмат көрсөтүүлөрүнө карата нарк эсеби (прейскурант) №1 тиркемеге ылайык бекитилсин.
- Балыкчы шаарынын мэриясынын алдындагы “ Көрктөндүрүү жана санитардык тазалык ” муниципалдык ишканасы тарабынан көрсөтүлүүчү био-туалеттин акы төлөнүүчү тейлөө кызматына карата (прейскурант) нарк эсеби №2 тиркемеге ылайык бекитилсин.
- Балыкчы шаардык Кенешинин 2022-жылдын 21-декабрындагы XIII-сессиясынын “Балыкчы шаар мэриясынын алдындагы “Көрктөндүрүү жана санитардык тазалык” муниципалдык ишканасынын унаа тейлөө кызмат көрсөтүүлөрүнө карата нарк эсеби ( прейскуранты ) жөнүндө” №6 токтомдору жокко чыгарылсын
- Ушул токтом тиркемеси менен кошо Балыкчы шаарынын мэриясынын расмий веб- сайтында https://balykchy.gov.kg жарыялансын.
- Мамлекеттик тилде кабыл алынган тийиштүү ченемдик укуктук акты каттоого алынсын жана токтомдун көчүрмөсү тиркемелери менен бирге ченемдик укуктук актылардын Мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин Ысык-Көл облустук башкармалыгына жөнөтүлсүн.
- Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Балыкчы шаардык кеңешинин экономика, салык, бюджет жана финансы маселелери боюнча туруктуу комиссиясына жана Балыкчы шаарынын мэрине жүктөлсүн.
Кеңештин төрагасы Д.Ж.Аманалиев
БЕКИТИЛДИ
Балыкчы шаардык кеңешинин
№ 117-токтому2-тиркеме
18-июнь 2026-жыл ________________________
Балыкчы шаарынын мэриясынын алдындагы “ Көрктөндүрүү жана санитардык тазалык ” муниципалдык ишканасы тарабынан көрсөтүлүүчү био-туалеттин акы төлөнүүчү тейлөө кызматына карата (прейскурант) нарк эсеби: