Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН
ТӨРАГАСЫНЫН ТЕСКЕМЕСИ
2026-жылдын 30-июну № 491
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин токтомдорунун ченемдерин колдонуудагы так эместиктерди, туура эмес же карама-каршы практикаларды жоюу максатында, «Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 31-беренесине ылайык:
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2005-жылдын 21-декабрындагы № 601 «Аскер кызматчыларына талаа акчаларынын ченемдерин белгилөө жөнүндө» токтому менен бекитилген Аскер кызматчыларына талаа акчаларын төлөөнүн тартиби жана шарттары жөнүндө нускаманын 8-пунктунун он биринчи абзацын расмий чечмелөө (түшүндүрмө) тиркемеге ылайык жактырылсын.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы |
А.А. Касымалиев |