Загрузка документа…
ОРОЗБЕКОВ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Орозбеков айылдык кеңешинин кезектеги он алтынчы сессиясы
2026-жылдын 15-майы № 33
Орозбеков айыл аймагынын Учкун айылынан 0,20га жер аянтын “Алгакадам” коомдук бирикмесине убактылуу пайдаланууга берүү жөнүндө
Күн тартибиндеги маселени карап, Кыргыз Республикасынын Жер Кодексинин 21-беренесин, жана “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 34, 39-беренелерин жетекчиликке алып, Орозбеков айылдык кенеши жер жана муниципалдык менчикти башкаруу боюнча туруктуу комиссиянын корутундусун угуп жана талкуулап токтом кылат:
1. Учкун айылындагы “Азим-Булак” булагынын ылдый жагынан 0,20 га жер аянтын “Алгакадам” коомдук бирикмесине таза суу кампаларын куруу үчүн 19(он тогуз) жылга убактылуу пайдаланууга(ижарага) берүүгө макулдук берилсин.
2. Жер аянтынын ижара акысынын өлчөмү жана пайдалануу шарттарын көрсөтүү менен тиешелүү мыйзамдардын негизинде “Алгакадам” коомдук бирикмеси менен келишим түзүү, токтомдун аткарылышын камсыздоо айыл өкмөтүнө милдеттендирилсин.
3. Токтом Орозбеков айыл өкмөтүнүн orozbekov.gov.kg расмий веб-сайтында жарыялансын.
4. Айылдык кеңешинин жооптуу катчысы бул токтомду каттоого алсын жана токтомдун көчүрмөсү ченемдик укуктук актыларынын Мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Кыргыз Республикасынын юстиция Министрлигинин Баткен облустук башкармалыгына жөнөтүлсүн.
5. Токтом Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын Мамлекеттик реестрине киргизилген күндөн тартып күчүнө кирет.
6. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин жер жана муниципалдык менчикти башкаруу боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага | А.Бактыбаев |