Загрузка документа…
ОРОЗБЕКОВ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Орозбеков айылдык кеңешинин кезектеги он алтынчы сессиясы
2026-жылдын 15-майы № 34
Орозбеков айылдык кеңешинин 28.01.2026-жылдагы №2 “Орозбеков айыл аймагында жергиликтүү салыктардын коэффицентин бекитип берүү жөнүндө” токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө.
Кыргыз Республикасынын Салык Кодексинин 401, 412-беренелерине ылайык жана “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 34,39-беренелерин жетекчиликке алып, Орозбеков айылдык кеңеши токтом кылат:
1. Орозбеков айылдык кеңешинин 2026-жылдын 28-январындагы №2 “Орозбеков айыл аймагында жергиликтүү салыктардын коэффицентин бекитип берүү жөнүндө” токтомуна өзгөртүүлөр киргизилсин:
4-пункт төмөнкүдөй абзац менен толукталсын:
-Акыр-чикирлерди чыгаруу өз ара салыгынын төлөө мөөнөтү 2026-жылдын 1-июлуна чейин деп белгиленсин.
2. Токтомдун аткарылышын камсыздоо Орозбеков айыл өкмөтүнүн башчысына милдеттендирилсин.
Төрага | А.Бактыбаев |