Загрузка документа…
ОРОЗБЕКОВ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Орозбеков айылдык кеңешинин кезектеги он алтынчы сессиясы
2026-жылдын 15-майы № 35
Жаңы сатып алынган экскаваторду муниципалдык менчикке каттоо, муниципалдык ишканага өткөрүп берүү жана иш планын, кызмат көрсөтүү тарифин бекитүү жөнүндө
Күн тартибиндеги маселени карап, айыл өкмөтүнүн юристи М. Токтоматовдун баяндамасын угуп “Мүлккө муниципалдык менчик жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 16,18-беренелерин жана “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 34, 39-беренелерин жетекчиликке алып, Орозбеков айылдык кенеши жер жана муниципалдык менчикти башкаруу боюнча туруктуу комиссиянын корутундусун угуп жана талкуулап токтом кылат:
1. Бириккен Улуттар Уюмунун Өнүктүрүү Программасынын (ПРООН) “Климаттын өзгөрүшү жана Борбордук Азияда туруктуулук” долбоорунун алкагында айыл өкмөттүн өздүк салымы аркылуу сатылып алынган TDER маркасындагы жалпы суммасы 53 000(элүү үч миң) АКШ доллары болгон экскаватор айыл өкмөттүн муниципалдык менчигине катталсын.
2. Аталган экскаватор чарбалык иштерди жүргүзүү укугу менен Орозбеков муниципалдык ишканасына өткөрүлүп берилсин.
3. Муниципалдык ишкананын экскаваторду пайдалануу боюнча иш планы тиркемеге ылайык бекитилсин.
4. Экскаватор аркылуу көрсөтүлүүчү кызматтардын тарифи саатына 3000(үч миң) сом өлчөмүндө бекитилсин.
5 . Орозбеков муниципалдык ишканасы:
-экскаваторду максаттуу жана натыйжалуу пайдаланууну; -техникалык коопсуздук эрежелеринин сакталышын; -өз убагында техникалык тейлөөнү камсыз кылсын.
6. Токтом Орозбеков айыл өкмөтүнүн orozbekov.gov.kg расмий веб-сайтында жарыялансын.
7. Айылдык кеңешинин жооптуу катчысы бул токтомду каттоого алсын жана токтомдун көчүрмөсү ченемдик укуктук актыларынын Мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Кыргыз Республикасынын юстиция Министрлигинин Баткен облустук башкармалыгына жөнөтүлсүн.
8. Токтом Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын Мамлекеттик реестрине киргизилген күндөн тартып күчүнө кирет.
9. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин жер жана муниципалдык менчикти башкаруу боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага | А.Бактыбаев |