Загрузка документа…
ОРОЗБЕКОВ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Орозбеков айылдык кеңешинин кезектеги он алтынчы сессиясы
2026-жылдын 15-майы № 37
“Орозбеков айыл аймагындагы туристтик зоналарда убактылуу кызмат көрсөтүүнү уюштуруу жөнүндө Жобону бекитүү жана Көл-Кутман көлүн рекреациялык пайдалануу үчүн убактылуу пайдалануу келишимин түзүүгө сунуштоо жөнүндө
Күн тартибиндеги маселени карап, айыл өкмөтүнүн юристи М. Токтоматовдун баяндамасын угуп Кыргыз Республикасынын Суу кодексинин 26-беренесин, “Туризм жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 8-беренесин жана “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 34, 39-беренелерин жетекчиликке алып, Орозбеков айылдык кенеши жер жана муниципалдык менчикти башкаруу боюнча туруктуу комиссиянын корутундусун угуп жана талкуулап токтом кылат:
Төраганын орун басары | Н.Ысакова |
Орозбеков айылдык кеңешинин “15“ май 2026-жылдагы №37 токтому менен бекитилди
ОРОЗБЕКОВ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН ТУРИСТТИК ЗОНАЛАРЫНДА УБАКТЫЛУУ КЫЗМАТ КӨРСӨТҮҮГӨ УРУКСАТ БЕРҮҮ, КОМИССИЯНЫ ТҮЗҮҮ ЖАНА КОНКУРС (АУКЦИОН) ӨТКӨРҮҮ ТАРТИБИ ЖӨНҮНДӨ ЖОБО
КИРИШ БӨЛҮГҮ
Бул Жобо Кыргыз Республикасынын Жер кодексине, «Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө», «Кыргыз Республикасындагы туризм жөнүндө», «Суу кодексине» жана башка ченемдик укуктук актыларына ылайык, Орозбеков айыл аймагынын өнүктүрүү программасынын алкагында иштелип чыкты.
Бул жобо Орозбеков айыл аймагынын чегиндеги туристтик жана рекреациялык зоналарда (анын ичинде жайлоолордо, капчыгайларда, суу объекттеринде жана көлмөлөрдө) убактылуу кызмат көрсөтүү чекиттерин (боз үйлөрдү, соода, коомдук тамактануу, көңүл ачуу жана моторлуу кайыктар менен туристтерди ташуу кызматтарын) уюштуруунун, жайгаштыруунун, уруксат берүүнүн жана иштетүүнүн бирдиктүү укуктук, экономикалык жана уюштуруучулук негиздерин белгилейт.
ЖОБОНУН МАКСАТЫ ЖАНА НЕГИЗДЕРИ
· Инфраструктураны өнүктүрүү: Айыл аймагындагы туристтик потенциалды туруктуу өнүктүрүү жана заманбап кызмат көрсөтүү шарттарын түзүү;
· Коопсуздукту камсыздоо: Туристтердин жана жергиликтүү тургундардын өмүрүн, ден соолугун коргоо, айрыкча суу объекттеринде жана көлмөлөрдө коопсуздук эрежелерин катуу сактоо;
· Экологияны коргоо: Жаратылыш ресурстарын, жайлоолорду жана суу ресурстарын булгануудан сактоо, санитардык-эпидемиологиялык жана өрт коопсуздугунун ченемдерин камсыз кылуу;
· Ишкердикти колдоо: Ишкерлерге жана жергиликтүү тургундарга убактылуу кызмат көрсөтүү укугун берүүдө ачык-айкындуулукту, тең укуктуулукту жана дени сак атаандаштыкты түзүү;
· Бюджетти толтуруу: Туристтик объекттерди тартипке келтирүү аркылуу Орозбеков айыл аймагынын жергиликтүү бюджетине кошумча киреше булактарын иштеп чыгуу жана ал каражаттарды аймакты көрктөндүрүүгө багыттоо.
I. КОМИССИЯНЫ ТҮЗҮҮ ЖАНА АНЫН ИШИН УЮШТУРУУ
1. Туристтик зоналарда убактылуу кызмат көрсөтүүгө арыздарды карап чыгуу, конкурстарды (аукциондорду) өткөрүү жана жеңүүчүлөрдү аныктоо үчүн Орозбеков айыл өкмөтүнүн башчысынын тескемеси менен туруктуу иштөөчү Атайын комиссия (мындан ары – Комиссия) түзүлөт.
2. Комиссиянын курамы так сандагы (мисалы, 5 же 7) мүчөлөрдөн турат жана ага төмөнкүлөр кирет:
a. Комиссиянын төрагасы – айыл өкмөт башчысынын орун басары;
b. Комиссиянын катчысы – айыл өкмөтүнүн туризм, жер же укук маселелери боюнча адиси (добуш берүү укугусуз);
c. Мүчөлөрү – айылдык кеңештин депутаттары (макулдашуу боюнча), жергиликтүү жамааттын же аксакалдар сотунун өкүлдөрү, экология жана өзгөчө кырдаалдар (ӨКМ) кызматтарынын адистери (чакыруу менен).