Загрузка документа…
СҮЛҮКТҮ ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2026-жылдын 25-майы № 01-5/ 68
Сүлүктү шаарынын жергиликтүү жамаатынын Уставын бекитүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө”, “Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө” Мыйзамын, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу мамлекеттик агенттигинин 2026-жылдын 17- мартындагы № 01-25/78 буйругу менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Жергиликтүү жамааттарынын Типтүү Уставын жетекчиликке алып Сүлүктү шаардык кеӊеши шаардык кеӊештин “Мыйзамдуулук, депутаттык этика, регламент, жергиликтүү сыйлыктар жана жергиликтүү жамааттар менен байланыш” боюнча туруктуу комиссиясынын корутундусун угуп жана талкуулап, токтом кылат:
1. Сүлүктү шаардык кеӊешинин (жетинчи чакырылыш) XXV сессиясынын 19.05.2023ж. №112 токтому менен бекитилген Сүлүктү шаарынын жергиликтүү жамаатынын Уставы күчүн жоготту деп эсептелсин;
2. Сүлүктү шаарынын жергиликтүү жамаатынын Уставы тиркемеге ылайык бекитилсин. (мындан ары Устав);
3. Шаардын аймагында жайгашкан жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары, (менчигинин түрүнө карабастан) мекеме ишканалар, Сүлүктү шаарынын жергиликтүү жамааты өз ишин Уставга ылайык жүргүзсүн;
4. Устав жергиликтүү “Шахтер жолу” гезитине жарыялансын;
5. Бул токтом жана Устав шаардык кеӊештин жана шаардык мэриянын расмий сайтында жарыялансын;
6. Шаардык кеӊештин жооптуу катчысы бул токтомду каттоого алсын жана токтомдун көчүрмөсү ченемдик укуктук актылардын Мамлкеттик реестрине киргизүү үчүн Кыргыз Республикасынын юстиция министрлигинин Баткен облустук башкармалыгына жөнөтүлсүн;
7. Токтомдун аткарылуусун камсыз кылуу жагы шаардык мэрияга, көзөмөлдөө жагы шаардык кеӊештин “Мыйзамдуулук, депутаттык этика, регламент, жергиликтүү сыйлыктар жана жергиликтүү жамааттар менен байланыш боюнча” туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага |
Б.А.Абдуназаров |
“Бекитемин”
Шаардык кеӊештин төрагасы
_________________ Б.Абдуназаров
Шаардык кеӊештин 25.05. 2026-ж.
№ 01-5/68 токтомуна тиркеме
Сүлүктү шаарынын
жергиликтүү жамаатынын УСТАВЫ
Биз, Сүлүктү шаарынын жергиликтүү жамааты, өз аймагыбызда жергиликтүү маанидеги маселелерди өз демилгебиз жана өз жоопкерчилигибиз менен чечүү укугубузду жана милдетибизди сезүү менен өзүбүздүн территориябыздагы жашаган жергиликтүү жамааттын мүчөлөрүнүн жана башка жарандардын бузулбас биримдигин, ынтымагын, коомдук тартипти жана тынчтыкты курууну камсыз кылууну, шаарыбызды өнүктүрүүнү максат кылып; жергиликтүү жамааттын ички жашоо-тиричилигинин негизги принциптерин жана эрежелерин күндөлүк турмушка киргизүүнү көздөп, ушул уставды кабыл алабыз.
1. Жалпы жоболор
1.1. Шаардын жергиликтүү жамаатынын Уставы — жергиликтүү жамааттын жыйындарында (чогулуштарында) же курутайларында талкуунун жыйынтыгы боюнча шаардык кеңештин токтому менен бекитилген, жергиликтүү жамааттын жашоо-турмушун, мүчөлөрүнүн укуктарын жана милдеттерин, жергиликтүү маанидеги маселелерди жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу ишин жөнгө салган негизги документ.
1.2. Устав Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жергиликтүү жамааттын ички жашоосунун негизги принциптерин, мүчөлөрүнүн укук-милдеттерин, жергиликтүү маанидеги маселелерди чечүүдөгү жамаат менен жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын өз ара мамилелерин, анын ичинде бюджеттик процесске катышуусун аныктайт.
1.3. Устав Сүлүктү шаарында бардык жеке жана юридикалык жактар үчүн аткарууга милдеттүү.
2. Негизги түшүнүктөр
Жергиликтүү жамаат - шаарда туруктуу жашаган Кыргыз Республикасынын жарандары.
Жергиликтүү маанидеги маселелер - жергиликтүү жамааттын жашоосуна тиешелүү маселелер.
Өткөрүлүп берилген мамлекеттик ыйгарым укуктар - мамлекеттик органдардан жергиликтүү өз алдынча башкарууга берилген айрым ыйгарым укуктар.
Демилгелүү топтор — жергиликтүү жамааттын мүчөлөрү тарабынан түзүлгөн ыктыярдуу бирикмелер (элдик демилге, көйгөйдү чечүү, чогулуш/жыйындарды өткөрүү топтору).
Муниципалдык менчик — жергиликтүү өз алдынча башкаруунун менчиги жана киреше булагы.
Жергиликтүү ченем чыгаруу демилгеси — жергиликтүү актыларды сунуштоо, ченемдик укуктук актылардын долбоорун (токтомдун долбоорун) иштеп чыгууга жана шаардык кеңештин кароосуна белгиленген тартипте киргизүүгө жергиликтүү жамааттын укугу.
Жарандардын чогулушу/жыйындары, коомдук угуулар, муктаждыктарды иликтөө — жергиликтүү маанидеги маселелерди талкуулоо жана чечүү формалары.
3. Шаардын территориясы
3.1. Административдик-аймактык чек аралардын ичинде жайгашкан жерлерди өзүнө камтыйт.
3.2. Шаардын территориясы төмөндөгүлөрдү өзүнө камтыйт:
- Сүлүктү шаары;
- Кольцо айылы;
4. Жергиликтүү жамаат
4.1. Жергиликтүү жамаатты Сүлүктү шаарында туруктуу жашап, жалпы кызыкчылыктары менен биригип, жергиликтүү маанидеги маселелерди өз жоопкерчилиги астында чечүүгө милдеттүү болгон Кыргыз Республикасынын жарандары түзөт.
4.2. Жаш курагы 16 жаштан жогорку мүчөлөр жергиликтүү маанидеги маселелерди чечүүгө жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына катышууга тең укуктуу.
4.3. Жергиликтүү жамаат эл аралык, республикалык бирликтерге жана ассоциацияларга киргенге укуктуу.
4.4. Жергиликтүү жамаат, улуттук, тарыхий, маданий жана башка жергиликтүү салттарды жана өзгөчөлүктөрдү чагылдырган, шаардык кеңештин чечими менен бекитилген расмий символдорду белгилөө укугуна ээ.
5. Жергиликтүү жаматтагы мүчөлүк
5.1. Кыргыз Республикасынын мыйзамдары менен белгиленген тартипте каттоодон өткөн жаран жергиликтүү жамааттын мүчөсү деп эсептелет.
5.2. Жаран туруктуу же көпчүлүк убакта жаран бир жерде жашаса Кыргыз Республикасынын жарандары, шайлоо жана шайлануу укугусуз, жергиликтүү жамааттын укуктарынан пайдалана алышат.
6. Жергиликтүү жамааттын мүчөлөрүнүн укуктары
6.1. Укуктары:
- Жергиликтүү маанидеги маселелерди чечүүгө катышууга;
- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте мамлекеттик органдарга жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына шайланууга жана шайлоого;
- демилгелүү топторду түзүү жана долбоорлорду иштеп чыгууга, шаардын муктаждыктарын изилдөөгө, инвестиция тартууга жана сунуштарды киргизүүгө катышуу;
- шайлоолордо жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарында иштөөгө катышуу;
- жергиликтүү өз алдынча башкаруу жана мамлекеттик органдарга арыздар, даттануулар жана маалымат суроолору менен кайрылуу, мамлекеттик жана кызматтык сырлардан башка, маалымат алуу;
- коомдук иш-чараларга, шаардык жыйындарга, коомдук угуулардын, шаардыккенештин сессияларына жана комиссиялардын отурумдарына катышуу;
- башка мүчөлөрдөн Уставды жана мыйзамдарды сактоосун талап кылуу, зарыл болсо укук коргоо органдарына кайрылуу;
- жергиликтүү бюджетти түзүүгө катышуу жана чыгымдар боюнча маалымат алуу;
- ыктыярдуу түрдө жергиликтүү жамааттан чыгуу;
- Кыргыз Республикасынын мыйзамдары жана коомчулуктун Уставы менен белгиленген башка укуктарды жүзөгө ашыруу.
- жергиликтүү өз алдынча башкарууну жүзөгө ашырууда Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган учурларды кошпогондо, жергиликтүү жамааттын мүчөлөрүнүн укуктарын чектөөгө жол берилбейт жана чектөө соттук тартипте даттанылышы мүмкүн.
6.2. Милдеттери:
- Конституцияны, мыйзамдарды жана Уставды сактоо;
- башка мүчөлөрдүн укуктарын урматтоо;
- дискриминацияга жол бербөө;
- этникалык жана социалдык конфликттерди алдын алуу;
- жаратылышты жана муниципалдык менчикти коргоо;
- санитардык эрежелерди сактоо;
- жайыт, суу жана коомдук жайлар боюнча эрежелерди сактоо.
- мыйзамдын чегинде белгиленген салыктардын жана жыйымдардын баардык түрлөрүн кечиктирбей өз убагында төлөө;
- турмуш-тиричилик шартын жакшыртууга багытталган баардык коомдук пайдалуу жумуштарга (социалдык багыттагы обьектилерди, жолдорду, көпүрөлөрдү, оңдогон арыктарды, көчөлөрдү, санитария боюнча тазалоого, көрктөндүрүүгө, жашылдандырууга жана башка максаттарында уюштурулган ашарларга) катыша алат;
- калктуу конуштардагы жалпы колдонуудагы жерлерде жүргөндө тазалыкты сактоо;
- калктуу конуштарда мал кармоодо айдоолорду майкандоого, талаадагы айыл чарба өсүмдүктөрүнүн жыйналган түшүмүн керектөөдөн чыгаруу же жок кылуу, бак-дарактарга зыян келтирүүгө жол бербөөгө, санитардык, ветеринардык жоболорду сактоо;
- мал жайууда малды Кыргыз Республикасынын «Жайыттар жөнүндө» мыйзамына ылайык жайытка чыгарууга, же атайын мал жайууга ылайык жерлерге жайуу;
- ар бир улуттун намысын жана каада-салттарын урматтоого, улуттар аралык ынтымакты, биримдикти чыңдоо, ар бир улуттун маданиятын өркүндөтүүгө көмөк көрсөтүү;
- уруксатсыз аңчылык кылууга жана балык уулоого, жаратылыштагы жапайы жаныбарларга, өсүмдүктөргө бүлгүн салууга жол бербөө;
- үй бүлөлүк салтанаттарды, маркумду акыркы сапарга узатуу зыйнаттарын жамааттар тарабынан кабыл алынган жобонун негизинде өткөрүү.
7. Жергиликтүү өз алдынча башкаруу
7.1. Жергиликтүү өз алдынча башкаруу - жергиликтүү жамааттын жергиликтүү маанидеги маселелерди чечүүгө багытталган өз кызыкчылыктарындагы жана өз жоопкерчилигиндеги өз алдынча ишмердүүлүгү Конституцияда белгиленген.
7.2. Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жергиликтүү жамааттар тарабынан өкүлчүлүктүү (шаардык кеңештер) жана аткаруу органдары (шаардын мэриясы) аркылуу, ошондой эле жарандардын түздөн-түз катышуу жолу менен жүзөгө ашырылат.
7.3. Жергиликтүү жамааттын мүчөлөрү ошондой эле өз демилгеси, өз каражаттарынын жана башка тараптардын каражаттарынын эсебинен жергиликтүү маанидеги маселелерди чечүү аркылуу да жергиликтүү өз алдынча башкарууну ишке ашырышат.
8. Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары
8.1. Сүлүктү шаарынын жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары – Депутаттардын Сүлүктү шаардык кеңеши, Сүлүктү шаарынын мэриясы өз ишин Кыргыз Республикасынын Конституциясынын, мыйзамдарынын, башка ченемдик укуктук актыларынын, ушул Уставдын негизинде жалпы калктын атынан ачык жана жергиликтүү жамааттын кызыкчылыктарында жүзөгө ашырышат, анын алдында жооптуу болушат.
Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары (шаардык кеңеш/мэрия) Кыргыз Республикасынын жарандарынын мамлекеттик жана жергиликтүү маанидеги маселелерди чечүүгө катышууга конституциялык укуктарын ишке ашыруу үчүн шарттарды түзүү боюнча мамлекеттик органдар менен тыгыз өз ара аракетте иштейт.
8.2. Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жана алардын жетекчилери, шаардык кеңештин депутаттары мезгил-мезгили менен, бирок жылына бир жолудан кем эмес жергиликтүү жамааттын мүчөлөрүнүн алдында отчет берип турушат. Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары мамлекеттин жана жергиликтүү жамааттын алдында жооптуу.
8.3. Сүлүктү шаарынын мэриясы маанилүү маселелер боюнча чечим кабыл алуунун алдында, шаардык кеңештин кароосуна жалпы жамаатка тиешелүү чечимдердин долбоорлорун даярдап киргизүү үчүрүнда жергиликтүү жамааттын мүчөлөрүнүн пикирлерин жана сунуштарын сурап билүүгө, алар кабыл алынгандан кийин жамааттын мүчөлөрүн кабарландырууга милдеттүү.
8.4. Шаардык кеңеш өзүнүн сессиясынын датасы жана күн тартиби жөнүндө алдын ала жарандарга маалымдоого, алардын сессияга, жыйындарга катышуусуна шарт түзүүгө, ошондой эле кабыл алынган чечимдер боюнча жергиликтүү жамаатты маалымдоого милдетүү.
Конституцияга жана мыйзамга каршы келген, улуттук коопсуздукка коркунуч келтирген аракеттерди жасоого укугу жок.
9. Жергиликтүү маанидеги маселелер
9.1.Жергиликтүү маанидеги маселелер – бул шаардын жашоо-турмушунун тутумунун иштешин жана өнүгүшүн уюштуруу, жергиликтүү жамааттын жашоо тиричилигин жана башка таламдарын канааттандырууну камсыз кылуу үчүн жергиликтүү жамааттын жана анын жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын карамагына берилген маселелер.
9.2 Жергиликтүү жамааттар менен жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары мамлекеттик органдардын компетенциясына кирбеген жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында карама-каршы келбеген шартта өздөрүнүн географиялык, салттык, этностук, чек-аралык жана башка өзгөчөлүктөрүнө байланыштуу жергиликтүү маанидеги кошумча маселелерди жергиликтүү жамааттын Уставында белгилөөгө укуктуу.
9.3. Жергиликтүү маанидеги маселелерди чечүү боюнча жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жана жергиликтүү жамааттын өз ара мамилелеринин тартиби Кыргыз Республикасынын мыйзамы, башка ченемдик укуктук актылары, ошондой эле жергиликтүү жамааттын уставы менен белгиленет.
9.4. Жергиликтүү маанидеги маселелерди чечүүнүн натыйжалары боюнча жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жана жергиликтүү жамааттын жарандардын демилгеси боюнча өз алдынча түзүлгөн топтору тиешелүү аймактын жергиликтүү жамаатына отчет берет.
10. Жергиликтүү коомдук уюмдар
10.1. Жергиликтүү жамааттын мүчөлөрү аймакты өнүктүрүү максатында ардагерлер, аксакалдар, аялдар жана жаштар башка коомдук уюмдарды түзүүгө укуктуу.
10.2. Бул уюмдардын уюштуруу формалары ушул Уставда же алардын ички жоболорунда аныкталат.