Загрузка документа…
СҮЛҮКТҮ ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2026-жылдын 25-майы № 01-5/ 69
Сүлүктү шаарыныын 2026-2030-жылдарга социалдык-экономикалык өнүктүрүү программасын бекитүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” Мыйзамынын 34-беренесин жетекчиликке алып Сүлүктү шаардык кеӊеши 2026-2030-жылдарга социалдык-экономикалык өнүктүрүү программасы боюнча шаардык кеӊештин “Бюджет, экономика, инвестиция жана ишкердикти өнүктүрүү боюнча” туруктуу комиссиясынын корутундусун угуп жана талкуулап, токтом кылат:
Төрага |
Б.А.Абдуназаров |
Сүлүктү шаардык кеӊешинин 25.05.2026ж. №01-5/69 токтому менен бекитилген
2026-2030 - ЖЫЛДАРГА СҮЛҮКТҮ ШААРЫНЫН
СОЦИАЛДЫК-ЭКОНОМИКАЛЫК ӨНҮКТҮРҮҮ ПРОГРАММАСЫ
Баткен облусу, Сүлүктү шаары
(шаардын аталышы)
1-БӨЛҮМ. АЙМАКТЫН ЖАЛПЫ МҮНӨЗДӨМӨЛӨРҮ |
| |||||||||||||
| ||||||||||||||
Географиялык абал | Сүлүктү шаары Баткен облусунун батыш тарабында Туркестан кырка тоолорунун түндүк капталында жайгашкан. Шаар Лейлек району менен, чыгыштан, батыштан Кулунду айыл аймагы, түштүк-батыштан Раззаков шаары менен, түштүктөн Тогуз-Булак айыл аймагы менен чектешет. Облустук борбордон алыстыгы 150 км. Борбордон алыстыгы 1150 км. Сүлүктү 1968 - жылы негизделген, 1940-жылы шаар статусун алган, Кыргыз Республикасынын 2000-жылдын 18-февралындагы №41 мыйзамына ылайык Баткен облусунун облустук баш ийүүдөгү шаар статусуна ээ. | |||||||||||||
Жалпы аянты (Га) | 3040,2 га | |||||||||||||
Ландшафт жана жаратылыш шарттары | Сүлүктү шаары деңиз деңгээлинен 1380 метр (Восточный – 1550 м) бийиктикте жайгашкан. Климат – континенталдуу, кыш мезгили дээрлик 4 айга созулат жана катуу кар менен коштолот, минималдуу төмөнкү температура +8, +10 оС – - 12, -15 оС жетиши мүмкүн. Жай мезгилинде температура +15 оС – 34 оС чейин жетиши мүмкүн. Жайында орточо температура +28 оС, кышында +3 оС. Жаан-чачындын жылдык көлөмү 1995–2005-жылдар аралыгында орточо 460 мм түзсө, 2015–2025-жылдарда 390 ммге чейин азайган. Абанын нымдуулугу – кышында 60-67 %, жайында – 30-35% түзөт. | |||||||||||||
Шаардын калкы (адам), аялдардын саны:___________ | Шаардын калкынын саны – 25 638, Анын ичинде: эркектер – 12 623; аялдар – 13 015. | |||||||||||||
СЭӨПнын максаты | Бул документ Сүлүктү шаарынын экономикасынын туруктуу өсүшүн камсыз кылуу, социалдык инфратүзүмдү, калктын жашоо шартын жакшыртуу, анын ичинде азыр жашап жаткан жана келечек муундардын социалдык-экономикалык бакубаттуулугун жогорулатуу, муниципалдык башкаруунун натыйжалуулугун жогорулатуу максатында иштелип чыккан. Шаар аймагында өнөр-жайды өнүктүрүүгө багытталган, инвестиция тартуу аркылуу экономикасы инновациялык ыкмаларды колдонуу менен чакан жана орто бизнес ишканаларды ачууга, жаңы жумуш орундары менен камсыздоого шарттарды түзүү. Социалдык жана коммуналдык инфраструктурасы заманбап талаптарга жана кызмат көрсөтүүлөр калктын бардык катмарына, анын ичинде балдар, жалгыз бой энелер, улгайган адамдар жана мүмкүнчүлүгү чектелген жарандар үчүн ыңгайлуу, жагымдуу жана коопсуз шарттарды түзүүнү камсыздоо. Ошондой эле, калкты таза суу, турак-жай менен камсыздоо, коммуникацияны, билим берүүнү, маданиятты, спортту, саламаттыкты сактоону жана өнүктүрүү, тазалыкты камсыздоо, көрктөндүрүү жана жашылдандыруу тармактарындагы кызматтарга болгон жеткиликтүүлүктү жогорку деңгээлге көтөрүү, миграциядагы калктын санын азайтуу, жакырчылыкты төмөндөтүү, калктын турмушунун сапатын жана социалдык мобилдүүлүүктү жогорулатуу, шаар жашоочулары үчүн ыңгайлуу жана туруктуу шарттарды түзүү. Жергиликтүү коомчулуктун бардык мүмкүнчүлүктөрүн колдонуу, муниципалдык менчикти жана жергиликтүү ресурстарды рационалдуу башкаруу, пайдалануу аркылуу алардын абалын жакшыртуу менен шаарды өнүктүрүүгө ар тараптуу шарттарды түзүү,камсыздоо иштери ишке ашат. | |||||||||||||
| ||||||||||||||
| ||||||||||||||
2-БӨЛҮМ. КАЛК |
| |||||||||||||
| ||||||||||||||
2.1. (таблица) Калк жана эмгек ресурстары |
| |||||||||||||
Категория | факт | күтүлгөн. | прогноз | |||||||||||
2022 | 2023 | 2024 | 2025 | 2026 | 2027 | 2028 | 2029 | 2030 | ||||||
Жыл башындагы туруктуу калктын саны (адам) | 24511 | 25176 | 25402 | 25544 | 25638 | 25723 | 26024 | 26354 | 27253 | |||||
Өсүш темпи % | 3,09 | 0,66 | 0,90 | 0,56 | 0,37 | 0,33 | 1,13 | 1,27 | 3,41 | |||||
анын ичинде аялдар | 12536 | 12536 | 12953 | 12998 | 13015 |
|
|
|
| |||||
Жыл башындагы эмгекке жарамдуу курактагы туруктуу калктын саны, (адам) |
|
| 13130 | 13436 | 13763 |
|
|
|
| |||||
Өсүш темпи (%) |
|
| 1,02 | 1,02 | 1,02 |
|
|
|
| |||||
анын ичинде аялдар |
|
| 6574 | 6691 | 6834 |
|
|
|
| |||||
Экономикалык ишмердиктин түрлөрү боюнча иштеген калктын саны (адам): | 3255 | 3280 | 3276 | 3585 | 3698 |
|
|
|
| |||||
Айыл чарба | - | - | - | - | - |
|
|
|
| |||||
Өнөр жай: | 1789 | 1772 | 1802 | 1609 | 1548 |
|
|
|
| |||||
Иштетүүчү | 44 | 44 | 44 | 45 | 45 |
|
|
|
| |||||
Электр энергиясы | 50 | 50 | 50 | 50 | 72 |
|
|
|
| |||||
Курулуш | 7 | 7 | 7 | 7 | 7 |
|
|
|
| |||||
Соода | 147 | 147 | 163 | 167 | 165 |
|
|
|
| |||||
Транспорт жана байланыш | 20 | 20 | 20 | 20 | 20 |
|
|
|
| |||||
Башка кызматтар | 1454 | 1437 | 1451 | 1243 | 1152 |
|
|
|
| |||||
Калдыктарды кайра иштетүү | 67 | 67 | 67 | 97 | 87 |
|
|
|
| |||||
Жумушсуздардын саны (адам): | 1071 | 1379 | 1420 | 826 | 264 |
|
|
|
| |||||
Өсүш темпи | 135,5 | 146,8 | 85 | 26,5 | 1,00 |
|
|
|
| |||||
анын ичинде аялдар | 808 | 833 | 465 | 161 |
|
|
|
|
| |||||
Жакырчылыктын эң төмөнкү чегинде турган калктын саны (адам) | 786
| 757
| 705
| 690
| 200 |
|
|
|
| |||||
Өсүш темпи |
|
|
|
|
|
|
|
|
| |||||
Миграцияланган эмгекке жарамдуу калктын саны (эл аралык миграция боюнча кеткендер, адам) | 1307 | 981 | 1180 | 747 | 665 | 400 | 400 | 400 | 400 | |||||
Өсүш темпи (%) | 130,7 | 98,1 | 118 | 74,7 | 66,5 | 0,60 | 0,60 | 0,60 | 0,60 | |||||
| ||||||||||||||
2.2. Эмгекке жарамдуу калктын өсүшүн, иш менен камсыз кылуу жана эмгек миграциясы маселелерин талдоо |
| |||||||||||||
Сүлүктү шаарынын калкынын жалпы саны 2026-жылдын 1-январына карата 25 638 адамды түзүп, анын ичинен 13 015 аялдар. Калктын өсүш темпи жылына болжол менен 1.00 %ды түзөт, ички жана тышкы миграциянын таасири эске алынган эмес. Калктын саны негизинен табигый өсүш жана азайыш менен жөнгө салынат. 2030-жылга чейин калктын саны 27253 чейин жетет деп күтүлүүдө, бирок ошол эле кезде мамлекеттик өнүктүрүү программалардын алкагында административдик-айматкык реформага ылайык калктын санынын кескин өзгөрүү ыктымалдуулугу бар. 2026-жылы эмгекке жарамдуу калктын саны 13 763 адамды түзүп, бул жалпы калктын 53,6% пайызын түзөт. Иш менен камсыз болгон калктын үлүшү 22% деңгээлинде болуп, эң чоң бөлүгү көмүр өндүрүү өнөр-жай тармагында жумушка орношкон. Жумушсуздардын саны акыркы жылдары азайууда. Эгерде 2022-жылы жумушсуздардын саны 1355адамды түзсө, 2026-жылы 266 адамга кыскарган, мурунку жылдарга салыштырмалуу кыскаруу байкалууда. Жакырчылыктын эң төмөнкү чегинде жашаган калктын саны акырындык менен азаюуда. 2022-жылы мындай абалда 786 адам болсо, 2026-жылы алардын саны 690га чейин кыскарган. Бул мамлекеттик жана жергиликтүү деңгээлдеги колдоо программаларынын, ошондой эле жумуш орундарын көбөйтүү аракеттеринин натыйжасында келип чыгууда. Ошол эле маалда эмгек миграциясы расмий түрдө азайгандыгы байкалгандыгы менен (2022-жылы 1307 адам миграцияга чыккан болсо, 2026-жылы алардын саны 665 адамды түзгөн), акыркы жылдары популярдуу болгон сезондук миграция Сүлүктү шаарында маанилүү маселе бойдон калууда. Бул көрүнүш иш орундарын көбөйтүү жана калкты туруктуу жумуш менен камсыз кылуу боюнча кошумча чараларды көрүүнү талап кылат. Ал эмичет элге эмгек миграциясы боюнча кеткендердин саны өзгөрүүсүз (жылына 400 чамасында) сакталат. Жумушсуз жарандарга бөлүмдөгү кызматтар, анын ичинде акысыз кыска мөөнөттүү окутуулар, шаар ичиндеги катталган бош жумуш орундары, коомдук акы төлөнүүчү жумуштар боюнча кеңири маалымат берилүүдө. Катталган жаңы жумуш орундары боюнча каттоодо турган жумушсуз жарандарга түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп, аларга ылайыктуу келген жумуштарга жөнөтүлүүдө. Ал эми, эмгектик потенциалын жогорулатуу максатында аз камсыз болгон жарандар үчүн социалдык контракт ишке ашырылууда. Программанын орто мөөнөттүү мезгилдеги негизги артыкчылыктары: - ишке орношууга көмөк көрсөтүү чөйрөсүндөгү мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөр жөнүндө жарандардын маалымдуулугун жогорулатуу; - шаардын ишканаларында жана уюмдарында болгон бош жумуш орундарынын базасын түзүү жана кеңейтүү; - эмгек рыногунда талап кыланган кесиптер жөнүндө жаштарды кесиптик багыттоо жана маалымдоо. Көйгөйлөр: - Сүлүктү шаарынынын экономикасы көмүр өндүрүү өнөр-жайынан толук көз карандылыгынан улам иш орундарынын туруксуздугу, жаштарды жана эмгекке жарамдуу калкты башка өлкөлөргө кетүүгө аргасыз болуусу. Айлык маяналардын аздыгы жана жумуш шарттарынын оордугу да миграцияга турткү берүүдө. - Көпчүлүк мигранттар убактылуу чыгып кетет же кайтып келет, бирок расмий катталбайт, катталгандар боюнча атайын маалымат базасын түзүү мүмкүнчүлүгү жок. Шаарда жумушсуздукту азайтуу жана эмгек ресурстарын эффективдүү пайдалануу максатында комплекстүү чаралар жүргүзүлуүсү абзел. Ишкерлерге шарт түзүү, көмүр өнөр-жайында жаңы технологияларды киргизүүнү, кайра иштетүүнү уюштуруу, жер аянттарын өнөр жай багытына өзгөртүү, трансформациялоо жана жаңы ишканаларды ачууда колдоо көрсөтүү аркылуу жаңы жумуш орундарын түзүү негизги приоритет болуп саналат. Андан сырткары, мамлекеттик мекемелердеги кызматкерлердин айлык маянасын жогорулатуу жумуш орундарын көбөйтүүгө, жергиликтүү бюджеттин киреше бөлүгүн көтөрүүгө өбөлгө түзөт. 2030-жылга карата иш менен камсыздоо жана жумушсуздукту азайтуу максатында калкты жумуш менен камсыздоо программалары кеңейүүсү күтүлөт. Бул программалар бюджеттик колдоо аркылуу жаштарга ар кандай тренингдер жана билим берүү курстарын камсыз кылуу, үйдө отурган аялдарды бала бакчаларга жана жеңил өнөр-жай, соода-сатык тармагында жумушка тартуу, калкка чакан бизнес ачууга көмөк көрсөтүү аркылуу ар тараптуу өнүгүүгө алып келет. | ||||||||||||||
| ||||||||||||||
| ||||||||||||||
3-БӨЛҮМ. КЫЗМАТТАР ЖАНА ЖЕРГИЛИКТҮҮ ИНФРАСТРУКТУРА |
| |||||||||||||
| ||||||||||||||
3.1. (таблица) Кызматтар жана жергиликтүү инфраструктура |
| |||||||||||||
Категория | факт | күтүлгөн. | прогноз | |||||||||||
2022 | 2023 | 2024 | 2025 | 2026 | 2027 | 2028 | 2029 | 2030 | ||||||
Ичүүчү сууга жеткиликтүүлүк (%) | 65 | 68 | 70 | 73 | 75 | 78 | 80 | 81 | 85 | |||||
Кожолуктарды катуу тиричилик калдыктары (КТК) ташып чыгаруу менен камтуу (%) | 56 | 58 | 61 | 63 | 65 | 66 | 70 | 72 | 75 | |||||
Ички жолдордун жалпы узундугунан канааттандырарлык абалдагы асфальтталган ички жолдордун үлүшү (%) | 16,8% | 17% | 17,4% | 19,1% | 20,3% | 23,5% | 25,7% | 28,6% | 30% | |||||
Көчөлөрдүн жалпы санынан жарыктандырылган көчөлөрдүн үлүшү (%) | 50% | 52% | 55,7% | 58,3% | 65% | 70% | 75% | 80% | 85% | |||||
Спорттук секцияларга тартылган жарандардын саны (адам) | 355 | 355 | 359 | 368 | 368 | 420 | 450 | 500 | 550 | |||||
Маданият чөйрөсүндөгү ийримге катышкан жарандардын саны (адам) | 233 | 242 | 227 | 240 | 250 | 261 | 274 | 281 | 572 | |||||
Балдарды мектепке чейинки билим берүү менен камтуу (%) |
29% |
29.3% |
39,6% |
53% |
59% |
66% |
73% |
83% |
90% | |||||
Балдарды мектептик билим менен камтуу (%) | 99% | 99% | 99% | 99% | 99% | 99,3% | 99,5% | 99,6% | 99,7% | |||||
Медициналык персонал менен камсыздоо деңгээли (адам) | 1531 | 1531 | 1411 | 1419 | 1438 | 1445 | 1452 | 1465 | 1471 | |||||
Калктын турак жай менен камсыз болушу (бир тургунга жалпы аянттын кв. м) | - | - | - | - | - | 25 | 30 | 35 | 40 | |||||
(башка көрсөткүчтөр) |
|
|
|
|
|
|
|
|
| |||||
|
| |||||||||||||
3.2. Учурдагы кырдаалды анализдөө |
| |||||||||||||
ИЧҮҮЧҮ СУУГА ЖЕТКИЛИКТҮҮЛҮК: Учурда шаарда ичүүчү таза суу менен камсыздоону “Сүлүктү-Тазасууканал” муниципалдык ишканасы тишке ашырат, шаар боюнча жалпы 4400дөн ашык кожолук, 18 бюджеттик мекеме жана 67 ишкердик субъекттери жана Лейлек районунун 312 кожолугу суу менен камсыздалат, абоненттердин саны 4153 түзөт. Ишкана 4 атайын техника, 1 кызматтык жеңил унаа менен кызмат көрсөтүп келет. Калк үчүн 1м3 ичүүчү таза суудун баасы 9 сом 85 тыйынды түзөт, ал эми өндүрүштүк ишканаларга, бюджеттик мекемелерге 45 сом 73 тыйын, коммерциялык ишканаларга 60 сом 58 тыйынды түзөт Сүлүктү шаарында калктын 84% таза суу менен камсыздалган. Таза суу Лейлек районунун Тегирменти жайлоосунан узундугу 37-39 км түзгөн 2 суу кууру аркылуу алынып келинет, кыш мезгилинде суунун көлөмү азайган кезде, Ак-Там участкасында жайгашкан 3 скважинадан жер астынын насос менен тартып алынат, 1 скажина Раззаков шаарынын Чимген айылынан алынып келинет. Таза суу түзүмдөрүнүн жалпы узундугу 90 чакырымды түзөт. Саркынды суулардын системасы кээ бир көп кабаттуу (4 жана 2 кабаттуу) үйлөрдө гана туруктуу иштейт, баардык көп кабаттуу үйлөрдө жөнгөрүлгөн эмес. Келечекте калкты таза суу менен зарыл көлөмдө толук кандуу камсыздоону жогорулатуу үчүн Тегирменти жайлоосунан альтернативдик (бир багыттагы көз карандысыз) магистралдык суу куурун куруу, жаңы суу коргонун (водозабор) куруу, эски түтүктөрдү колдонуудан толук чыгаруу, таза сууга болгон төлөмдөрдү толук санариптештирүү жана ар бир дарекке (абонентке) суу эсептегичтерди орнотууну ишке ашыруу пландалууда. Андан сырткары бүгүнкү күндө жергиликтүү бюджеттин эсебинен шаардагы саркынды сууларды жөнгөрүү системасын куруу боюнча долбоордук-сметалык документация даярдалууда, анын алкагында тийиштүү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан каражат бөлүнүп, республикалык бюджеттин эсебинен саркынды сууларды жөнгө салуу системасын куруу аракеттери көрүлүүдө. Негизги приоритеттер: - калкты үзгүлтүксүз жана ченемдик укуктук актыларда көрсөтүлгөн талаптарга ылайык таза суу менен камсыздоо; - инфраструктураны модернизациялоо, авариялык абалдарды минимумдаштыруу, суу ресурстарын рационалдуу пайдалануу жана санитардык нормаларды күчөтүү аркылуу калктын ден соолугуна жана жашоо сапатына оң таасир берүү. Көйгөйлөр: - Сүлүктү шаарынын тургундарын ичүүчү таза суу жана өнөр-жай тармагынын ишкердик субъекттерине керектелүүчү суу менен толук кандуу камсыздоо, альтернативдик магистралдык суу түтүктөрүн куруу, жаңылоо боюнча иш алып баруу; - Таза суу менен камсыздоону башкаруу системасын санариптештирүү; - Саркынды сууларды жөнгө салуу системасын капиталдык ремонттоо, жаңы системаны куруу. КАТУУ ТИРИЧИЛИК КАЛДЫКТАРЫН (КТК) ТАШЫП ЧЫГАРУУ МЕНЕН КАМТУУ: Сүлүктү шаарында катуу тиричилик калдыктарын, шаарда тазалыкты камсыздоо боюнча “Сүлүктү-Тазалык” муниципалдык ишканасы иш алып барат. Таштандыга болгон төлөмгө жүргүзгөн 3325 абонент бар. Учурда Сүлүктү шаары 3 таштанды ташуучу автоунаа, 2 атайын техникасы, 1 ассенизатор менен тейленет. Жыл сайын таштанды ташуу кызматынын сапатын жогорулатуу максатында, анын ичинде атайын техникалар менен камсыздоо аракеттери көрүлүп келет. Сүлүктү шаарынын таштанды таштоочу 1 полигон шаардан сырт жайгашкан, 2025-жылы таштанды полигону тосулган, этап-этабы таштандыны сорттоо жана таштанды полигонун талаптарга ылайык келтирүү аракеттери көрүлүүдө. 2025-жылдын жыйынтыгы менен таштандыны ташып чыгаруу кызматы үчүн төлөмдөрдү накталай эмес ыкмасына өткөрүү жөнгө салынган, кызматтарга болгон жыйымдарды (карыздар) өндүрүү иштери жүрүүдө. Азыркы убакта шаарда таштанды чыгаруу кызматы 65%ды түзөт, шаардын Бөкөнбаев жана Кольцо аймактарын жана башка юридикалык жактар менен келишимдерди түзүлүп, бул көрсөткүчтү 2030-жылы 100% га жеткирүү пландаштырылууда. Көйгөйлөр: - Таштандыларды ташып чыгаруу үчүн атайын техниканын санын көбөйтүү, автопаркты жаңылоо. - Кызматтар үчүн төлөмдөрдү санариптештирүүнү толук кандуу ишке ашыруу; - Атайын таштанды таштоочу урналарды урналары жанылоо; - Кошумча 1 таштанды полигонун түзүү менен кызмат көрсөтүүлөрдү жайылтуу; - Таштандыларды ташып чыгарууну башкаруу системасын оптималдаштыруу. ИЧКИ ЖОЛДОР: Сүлүктү шаарынын аймагында 2024-2025-жылдары жергиликтүү жана республикалык бюджеттин эсебинен жалпы 43,4 млн сомдук көлөмдөгү каражатга ички жолдорго асфальт төшөлгөн, тротуарлар курулган, кээ бир көчөлөргө гравий төгүлүп, жамоо иштерин да камтыган. Бүгүнкү күндө Сүлүктү шаарында жергиликтүү маанидеги автожодун узундугу 41 км түзөт, асфальтталган ички жолдордун пайыздык көрсөткүчү 62,1% түзөт, 2030-жылга чейин бул көрсөткүчтү 90% га жеткирүү пландаштырылууда. 2030-жылга карата жолдорду модернизациялоо, шаардын транспорттук инфраструктураны жакшыртуу, кооптуу участкаларда алдын алуу иштерин жүргүзүү (парапеттерди орнотуу), атайын курулмаларды орнотуу (суу лотоктору), шаарды транспорттук туюктуктан чыгаруу максатында республикалык жана жергиликтүү бюджеттин эсебинен жаңы жолдорду башкача айтканда – Кош-Булак-Кара-Булак автожолун куруу жана шагыл жолдорду асфальттоо пландалууда. Мындан тышкары, шаардын ички жолдорундагы кыймыл коопсуздугун жогорулатуу - ченемдерге ылайык жол белгилерин орнотуу, жаңылоо, транспорттун жүгүртүүсүн оптималдаштыруу, трнаспорттук агымдагы коопсуздукту камсыздоо боюнча санариптештирүүнү ишке киргизүү аркылуу калктын кыймылын жеңилдетүү приоритеттелет. Көйгөйлөр: 1. Сүлүктү шаарынын Кош-Булак аймагынан Лейлек районунун Кара-Булак айылына жол куруу; 2. Сүлүктү шаарындагы темир жолдун ордуна альтернативдик автожол куруу; 3.Сүлүктү-Ходжент (Пролетарск) темир жолунун экономикалык негиздүүлүгүнө анализ жүргүзүү менен кайра иштетүү; 4.Сүлүктү шаарынын аймагындагы ички көчөлөрдү абалына жана калктын жыштыгына жараша шагыл төгүү, асфальттоо иштерин жүргүзүү;
ЖАРЫКТАНДЫРУУ: Сүлүктү шаарынын көчөлөрүндө жана коомдук жайларында түнкү убакытта коопсуздукту камсыз кылуу максатында жалпы 2023-2025-жылдар ичинде 1450 метр аралыкка жарык берүүчү чырактар орнотулган. Бул чырактардын жардамы менен шаар тургундарынын жана конокторунун түнкү жүрүш-турушуна ыңгайлуу шарттар түзүлүп, шаарды коопсуз жана жарык кылууга өбөлгө түзүлүүдө. Бүгүнкү күндө Сүлүктү шаарынын тургундарын түнкү жарык менен камсыз кылуу 65% түзөт. 2030-жылга чейин бул көрсөткүчтү 90% га жеткирүү планы бар. Көйгөйлөр: - Шаардын ички көчөлөрүнө түнкү жарыктандыруучу каражаттар толук эмес орнотулган; - Орнотулган түнкү жарыктандыруу каражаттарын альтернативдик энергия булагы менен камсыздоо;
| ||||||||||||||