Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИНИН ЖАРЛЫГЫ
2026-жылдын 26-июну № 236
Кыргыз Республикасынын жергиликтүү сотторунун
судьяларын дайындоо жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 70-беренесинин 4-бөлүгүнүн 3-пунктуна, 95-беренесинин 8-бөлүгүнүн экинчи абзацына, «Кыргыз Республикасынын судьяларынын статусу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 25-беренесинин 3-бөлүгүнө ылайык жана Кыргыз Республикасынын Сот адилеттиги иштери боюнча кеңешинин Кыргыз Республикасынын айрым жергиликтүү сотторунун судьяларынын кызмат орундарына талапкерлер жөнүндө сунушу боюнча токтом кылам:
1. Кыргыз Республикасынын жергиликтүү сотторунун судьялары болуп биринчи жолу 5 жылдык мөөнөткө дайындалсын:
– Абдыкалыкова Гульзира Расуловна;
– Абдылдаев Тилек Токторович;
– Асанакунова Назира Кудайбердиевна;
– Букаев Кубанычбек Осконбекович;
– Жылдыз кызы Меерим;
– Зарипов Адилет Махаматович;
– Кылычов Сыргак Сарыпбекович;
– Омуров Айбек Бактыбекович.
2. Шаршеев Эрмек Муслимович курагынын чегине жеткенге чейин Кыргыз Республикасынын жергиликтүү сотунун судьясы болуп дайындалсын.
3. Бул Жарлык кол коюлган күндөн тартып күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Президенти |
С.Н. Жапаров |