Загрузка документа…
СҮЛҮКТҮ ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2026-жылдын 25-майы № 01-5/ 72
Cүлүктү шаарынын аймагындагы калктуу конуштардын таштандыларын ташып чыгаруу үчүн жыйымдарын төлөө жана эсептөөнү тапшыруу мөөнөтүн белгилөө жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Салыктык эмес кирешелер жөнүндө Кодексинин 76-беренесинин 3-пунктун, Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” Мыйзамынын 34-беренесинин 4-пунктун жетекчиликке алып Сүлүктү шаардык кенеши Cүлүктү шаарынын аймагындагы калктуу конуштардын таштандыларын ташып чыгаруу үчүн жыйымдарын төлөө жана эсептөөнү тапшыруу мөөнөтүн белгилөө боюнча шаардык кенештин “Бюджет, экономика, инвестиция жана ишкердикти өнүктүрүү боюнча” туруктуу комиссиясынын корутундусун угуп жана талкуулап, токтом кылат:
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Cүлүктү шаарынын аймагындагы калктуу конуштардын таштандыларын ташып чыгаруу үчүн жыйымдарын бекитилген формага (FORM-158) ылайык төлөө жана эсептөөнү тапшыруу мөөнөтү учурдагы жылдын 1-апрелине чйин деп белгиленсин;
2. Учурдагы жылдын 1-апрелиден кийин жаӊы катталган субъекттер үчүн калктуу конуштардын таштандыларын ташып чыгаруу үчүн жыйымдарды Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик салык төлөөчүлөрүнүн реестрине киргизилген айдан кийинки айдын 20 сынан кечиктирилбеген мөөнөттө бекитилген формага (FORM-158) ылайык төлөө жана эсептөөнү тапшыруу белгиленсин;
3. Калктуу конуштардын таштандыларын ташып чыгаруу үчүн жыйымдарын төлөө жана эсептөөнү тапшыруу мөөнөттөрү белгиленгендиги боюнча маалыматты жыйымдарды төлөөчүлөргө жеткирүү жана түшүндүрүү иштерин жүргүзүү жагы мамлекеттик салык кызматынын Сүлүктү шаардык башкармалыгына тапшырылсын;
4. Бул токтом шаардык кеӊештин жана шаардык мэриянын расмий сайтында жарыялансын;
5. Шаардык кеӊештин жооптуу катчысы бул токтомду каттоого алсын жана токтомдун көчүрмөсү ченемдик укуктук актылардын Мамлкеттик реестрине киргизүү үчүн Кыргыз Республикасынын юстиция министрлигинин Баткен облустук башкармалыгына жөнөтүлсүн;
6. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы шаардык кеӊештин “Бюджет, экономика, вестиция жана ишкердикти өнүктүрүү боюнча” туруктуу комиссиясына жүктөлсүн
Төрага |
Б.А.Абдуназаров |