Редакцияот 25.05.2026
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

СҮЛҮКТҮ ШААРДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

 

2026-жылдын 25-майы № 01-5/ 73

 Cүлүктү шаадык дарт аныктоо бөлүмүнүн (Поликлиника ГСВ №1, №2 ) жаӊы имаратын куруу долбоорунун долбоордук сметалык документтерин даярдоого жергиликтүү бюджеттин эсебинен 2 950 000 сом акча каражатын бөлүү жөнүндө

Кыргыз Республикасынын Бюджеттик Кодексин, Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” Мыйзамын жетекчиликке алып  Сүлүктү шаардык кеӊеши  шаардык кеӊештин “Бюджет, экономика, инвестиция жана ишкердикти өнүктүрүү боюнча” туруктуу комиссиясынынCүлүктү шаадык дарт аныктоо бөлүмүнүн (Поликлиника ГСВ №1, №2 ) жаӊы имаратын куруу долбоорунун долбоордук сметалык документтерин даярдоого жергиликтүү бюджеттин эсебинен 2 950 000 сом акча каражатын бөлүү боюнча корутундусун угуп жана талкуулап, токтом кылат:

  1. Cүлүктү шаадык дарт аныктоо бөлүмүнүн (Поликлиника ГСВ №1, №2 ) жаӊы имаратын куруу үчүн долбоордук сметалык документтерин (ДСД) даярдоого жергиликтүү бюджеттин эсебинен 2 950 000 (эки миллион тогуз жүз элүү миӊ) сом акча каражатын бөлүүгө макулдук берилсин; 
  2.   Бул токтом шаардык кеӊештин жана шаардык мэриянын расмий сайтында жарыялансын;
  3. Шаардык кеӊештин жооптуу катчысы бул токтомду каттоого алсын жана токтомдун  көчүрмөсү ченемдик укуктук актылардын Мамлкеттик реестрине  киргизүү үчүн Кыргыз Республикасынын юстиция министрлигинин Баткен облустук башкармалыгына жөнөтүлсүн;
  4. Токтомдун аткарылуусун камсыз кылуу жагы шаардык мэрияга, көзөмөлдөө жагы шаардык кеӊештин “Бюджет, экономика, инвестиция жана ишкердикти өнүктүрүү боюнча” туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.

 

Төрага

 

Б.А.Абдуназаров