ЖАҢЫ-ЖЕР АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Жаңы-Жер айылдык кеңешинин VIII чакырылышынын I сессиясы
2026-жылдын 06-февралы №2
Жаңы-Жер айыл өкмөтүнүн ИСКАКБ “Келечек-Арка” ишканасынын 2026-жылга карата таза суунун тарифин бекитүү жөнүндө
Жаңы-Жер айыл өкмөтүнүн ИСКАКБ “Келечек-Арка” ишканасынын 2026-жылга карата таза суунун тарифин бекитүү жөнүндөгү “Келечек-Арка” ИСКАКБсынын Жаңы-Жер айыл өкмөтүнүн тургундары менен болгон чогулуштарда кабыл алган чечимдердин негизинде Жаңы-Жер айылдык кеңеши токтом кылат:
- 2026-жылдын январь айынан баштап таза суу үчүн ар бир адам кожолукка ай сайын таза сууну үйүнө киргизгендер 250 (эки жүз элүү) сомдон, сырттан алгандарга 150 сомдон төлөө тарифи бекитилсин.
- Суу түтүкчөлөрүн үйүнө киргизген тургундарга ай сайын тариф суу счетчиктери боюнча төлөнсүн.
- Үйдүн жанындагы суу чыгуучу колонканы вентилсиз пайдалангандарга:
- Биринчи ирет эскертүү
- Экинчи ирет колонка бекитилип салынсын
- Мекеме уюмдарга суунун наркы 1 м.3 30 (отуз) сом болуп бекитилсин.
- Достук айылындагы башкы суу сактоочу кампадан 1 м.3 суу 30 (отуз) сом өлчөмүндө төлөнсүн.
- Үйүнүн тамаркасынан суу түтүктөрүн өткөргөн тургундарга оңдөп түзөө иштери өз каражатынын эсебинен оңдолсун. Ошол жарандар үйүндөгү суу түтүкчөлөрүнө эсептегич коюп пайдалансын. Эсептегич коюлбаса:
- Биринчи жолу эскертүү
- Экинчи ирет колонка бекитилип салынсын.
- “Келечек-Арка” ИСКАКБсынын бюджетинин сметасы жана штаттык бирдиги бекитилсин.
- Токтомдун аткарылышы айыл өкмөтүнө жүктөлсүн.