Загрузка документа…
ЖАҢЫ-ЖЕР АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2026-жылдын 06-февралы № 11
Жаңы-Жер айыл аймагына базар ачуу жөнүндө
Кыргыз Республикасы менен Тажик Республикасы ортосундагы мамлекеттик чек ара тилкесин делимитациялоо жана демаркациялоо иштеринин жыйынтыгында Жаңы-Жер айыл аймагынын Арка айылындагы соода-сатык базары Тажик Республикасына өтүп кеткендигине байланыштуу, Жаңы-Жер айыл аймагына жаңы муниципалдык соода-сатык базарын ачуу максатында Жаңы-Жер айылдык кеңеши токтом кылат:
1. Жаңы-Жер айыл аймагына жаңы муниципалдык соода-сатык базарын ачууга макулдук берилсин.
2. Жаңы-Жер айыл аймагына жаңы муниципалдык базар ачуу жана базардын так жайын аныктап берүү жагы Жаңы-Жер айыл өкмөтүнө тапшырылсын.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңешинин Мыйзамдуулукту, укук тартибин сактоо, жарандардын укугун жана кызыкчылыгын коргоо, архитектура, курулуш, транспорт жана экология боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Тѳрага | Ж. Мурадилов |
|
|