Загрузка документа…
ЖАҢЫ-ЖЕР АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2026-жылдын 06-февралы №12
Жаңы-Жер айыл аймагынын Арка, Борбордук, Достук жана Жаштык айылдарынын башкы пландарын бекитүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 17-августундагы “Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-2025-жылдарга Кыргыз Республикасында калктуу конуштардын башкы пландарын иштеп чыгуу боюнча программасын бекитүү жөнүндө” №490 токтомуна ылайык, Жаңы-Жер айыл өкмөтүнүн жер боюнча башкы адиси А.Айтбаевдин билдирүүсүн угуп жана талкуулап Жаңы-Жер айылдык кеңеши токтом кылат:
1. Жаңы-Жер айыл аймагынын Арка, Борбордук, Достук жана Жаштык айылдарынын башкы пландары бекитилсин.
2. Токтомдун аткарылышы Жаңы-Жер айыл өкмөтүнө милдеттендирилсин.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңешинин Мыйзамдуулукту, укук тартибин сактоо, жарандардын укугун жана кызыкчылыгын коргоо, архитектура, курулуш, транспорт жана экология боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Тѳрага | Ж. Мурадилов |
|
|