Загрузка документа…
ЖАҢЫ-ЖЕР АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2026-жылдын 17-марты № 15
Эмгек Кызыл Туу ордени, Ленин орденинин кавалери Токтош Абдуллаевдин эстелигин Арка айылына орнотуу жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын 2025-жылдын 1-апрелиндеги №215-т протоколдук тапшырмасынын, Кыргыз Республикасынын Президентинин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн 2025-жылдын 24-апрелиндеги катын аткарууга алуу максатында, 2025-2030-жылдар ичинде Эмгек Кызыл Туу ордени, Ленин орденинин кавалери Токтош Абдуллаевдин эстелигин Арка айылына орнотуужөнүндө Жаңы-Жер айылдык кеңеши токтом кылат:
1. Эмгек Кызыл Туу ордени, Ленин орденинин кавалери Токтош Абдуллаевдин эстелигин Арка айылына орнотуу үчүн Арка айылынан тиешелүү жер тилкеси бөлүнсүн.
2. 2025-2030-жылдар ичинде Эмгек Кызыл Туу ордени, Ленин орденинин кавалери Токтош Абдуллаевдин эстелигин орнотуу жергиликтүү бюджет эсебинен каржылоо боюнча сунуштар даярдалсын.
3. Токтомдун аткарылышы Жаңы-Жер айыл өкмөтүнө жүктөлсүн.
4. Токтомдун аткарыдышын көзөмөлдөө жагы Жаңы-Жер айылдк кеңешинин Бюджет, экономика, муниципалдык менчик, айыл чарбасы, инвестиция, ишкердик иш боюнча туруктуу комиссиясына милдеттендирилсин.
Тѳрага | Ж. Мурадилов |
|
|