Загрузка документа…
ЖАҢЫ-ЖЕР АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2026-жылдын 17-марты № 16
Достук айылынын тургуну Джиянбоев Тургундун арызын кароо
Достук айылынын тургуну Джиянбоев Тургундун элге кызмат көрсөтүү максатында газ куючу мобилдик газ танкерин орнотуу үчүн Достук айылынын түштүк тарабынан каналдын жогору жагынан убактылуу пайдалануу үчүн ижарага жер алуу жөнүндөгү арызы жана Жаңы-Жер айыл өкмөтүнүн жер адиси А.Айтбаев билдирүүсүнүн негизинде Жаңы-Жер айылдык кеңеши токтом кылат:
1. Жаңы-Жер айыл аймагына караштуу Достук айылынын түштүк тарабынан каналдын жогору жагынан элге кызмат көрсөтүү максатында газ куючу мобилдик газ танкерин орнотуу үчүн убактылуу пайдаланууга жер аянтын ижарага берүүгө макулдук берилсин.
2. Токтомдун аткарылышы жана тийиштүү иш кагаздарын түзүү жагы Жаңы-Жер айыл өкмөтүнө тапшырылсын.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Мыйзамдуулукту, укук тартибин сактоо, жарандардын укугун жана кызыкчылыгын коргоо, архитектура, курулуш, транспорт жана экология боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Тѳрага | Ж. Мурадилов |
|
|