Загрузка документа…
ЖАҢЫ-ЖЕР АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2026-жылдын 17-марты № 19
Борбордук айылынын тургуну Мурзамуратова Махабат жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Президентинин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн аппарат кызматкерлеринен турган комиссия курамынын Мурзамуратова Махабаттын үй-бүлөсү айыл өкмөтүндөгү жакыр үй-бүлөлөрдүн катарында жана эки баласынын майымтыгы эске алынып, турак жай куруу үчүн жер тилкесин кезексиз берүү жөнүндөгү сунушун карап чыгып Жаңы-Жер айылдык кеңеши токтом кылат:
1. Мурзамуратова Махабатка кезексиз жер тилкесин берүү Кыргыз Респуликасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте гана берүү жагы айыл өкмөтүнө тапшырылсын.
2. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Мыйзамдуулукту, укук тартибин сактоо, жарандардын укугун жана кызыкчылыгын коргоо, архитектура, курулуш, транспорт жана экология боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Тѳрага | Ж. Мурадилов |
|
|