Загрузка документа…
ЖАҢЫ-ЖЕР АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2026-жылдын 17-марты № 20
Жаңы-Жер чек ара заставасынын башчысы-капитан Назаралиев Жусув Акыналиевичке Жаңы-Жер айыл аймагынын Ардактуу атуулу наамын ыйгаруу жөнүндө
Кызматтык милдеттерин так аткаргандыгы, аткезчилик менен күрөшүүдө жигердүү иш алып баргандыгы, күжүрмөн даярдыгы мыкты жана үлгүлүү жүрүм туруму үчүн Жаңы-Жер чек ара заставасынын башчысы-капитан Назаралиев Жусув Акыналиевичке Жаңы-Жер айыл аймагынын Ардактуу атуулу наамын ыйгаруу жөнүндөгү Жаңы-Жер айыл өкмөтүнүн башчысы М.Абдухамитовдун 2026-жылдын 17-мартындагы №213 сандуу сунуш катынын негизинде Жаңы-Жер айылдык кеңеши токтом кылат:
1. Кызматтык милдеттерин так аткаргандыгы, аткезчилик менен күрөшүүдө жигердүү иш алып баргандыгы, күжүрмөн даярдыгы мыкты жана үлгүлүү жүрүм туруму үчүн Жаңы-Жер чек ара заставасынын башчысы-капитан Назаралиев Жусув Акыналиевичке Жаңы-Жер айыл аймагынын Ардактуу атуулу наамын ыйгарылсын.
2. Токтомдун аткарылышы Жаңы-Жер айыл өкмөтүнө тапшырылсын.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагын өзүмө калтырамын.
Тѳрага | Ж. Мурадилов |
|
|