ЖАҢЫ-ЖЕР АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Жаңы-Жер айылдык кеңешинин VIII чакырылышынын II сессиясы
2026-жылдын 17-марты № 24
Калктуу конуштардын таштандыларын ташып чыгаруу үчүн жыйымдын ставкасынын чоңдугун бекитүү жөнүндө
Жаңы-Жер айыл аймагындагы калктуу конуштардагы таштандыларды ташып чыгаруу үчүн жыйындын ставкасынын чоңдугун бекитип берүү жөнүндөгү маселени карап чыгып, Жаңы-Жер айылдык кеңеши токтом кылат:
- Кыргыз Республикасынын 2018-жылдын 10-августундагы №89 Мыйзамы менен пайдаланууга киргизилген Салык эмес кирешелер жөнүндө кодексинин 24-главасына ылайык “Калктуу конуштардын таштандыларын ташып чыгаруу үчүн жыйындын ставкасынын чоңдугун бекитүү жөнүндө” сунушка айылдык кеңешинин депутаттарынын каршы добуш бергенин эске алып, макулдук берилбесин.
- Токтомдун аткарылышы Жаңы-Жер айыл өкмөтүнүн башчысы М.Абдухамитовго тапшырылсын.