Загрузка документа…
ЖАҢЫ-ЖЕР АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2026-жылдын 25-майы № 31
Жаңы-Жер айыл аймагына караштуу Достук участогундагы №354а жана №101-контурларындагы 40га жер аянтын “айыл чарба багытындагы” жерлер категориясынан “өнөр жайынын, транспорттун, байланыштын, энергетиканын, коргонуунун жерлери жана башка багыттыгы жерлер” категориясына которуу (трансформациялоо) жөнүндө.
Жаңы-Жер айыл аймагына караштуу Достук участогундагы №354а жана №101-контурларындагы 40га жер аянтын “айыл чарба багытындагы” жерлер категориясынан “өнөр жайынын, транспорттун, байланыштын, энергетиканын, коргонуунун жерлери жана башка багыттыгы жерлер” категориясына которуу (трансформациялоо) максатында Жаңы-Жер айылдык кеңеши токтом кылат:
1. Жаңы-Жер айыл аймагына караштуу Достук участогундагы №354а жана №101-контурларындагы 40га жер аянтын “айыл чарба багытындагы” жерлер категориясынан “өнөр жайынын, транспорттун, байланыштын, энергетиканын, коргонуунун жерлери жана башка багыттыгы жерлер” категориясына которууга (трансформациялоого) макулдук берилсин.
2. Жаңы-Жер айыл аймагына караштуу Достук участогундагы №354а жана №101-контурларындагы жалпы 40га жер аянттары “Айыл чарба багытындагы жерлер” категориясынан “Өнөр жайынын, транспорттун, байланыштын, энергетиканын, коргонуунун жерлери жана башка багыттагы жерлер” категориясына (трансформациялоого) которуу боюнча тийиштүү иш кагаздарды Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 4-ноябрындагы №665 сандуу “Жер участокторун которуу (трансформациялоо) тартиби жөнүндө жобого ылайык даярдоо жагы Жаңы-Жер айыл өкмөтүнө тапшырылсын.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Мыйзамдуулукту, укук тартибин сактоо, жарандардын укугун жана кызыкчылыгын коргоо, архитектура, курулуш, транспорт жана экология боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Тѳрага | Ж. Мурадилов |
|
|