Загрузка документа…
ЖАҢЫ-ЖЕР АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2026-жылдын 15-июну № 34
“Айыл чарба багытындагы жерлер” категориясынан “Өнөр жайынын , транспорттун, байланыштын, энергетиканын, коргонуунун жерлери жана башка багыттагы жерлер” категориясына которуу (трансформациялоо) жөнүндө.
Жаңы-Жер айыл аймагындагы өздөштүрүлбөгөн айыл чарба жерлерин натыйжалуу пайдалануу максатында №102 контурундагы 4,0 га таштуу жайыт жер аянтын “Айыл чарба багытындагы жерлер” категориясынан “Өнөр жайынын , транспорттун, байланыштын, энергетиканын, коргонуунун жерлери жана башка багыттагы жерлер” категориясына которуу (трансформациялоо) максатында Кыргыз Республикасынын жер кодексинин 24-беренесинин 1-пунктунун 15-пунктчасына жана Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 4-ноябрындагы №665 сандуу “Жер участокторун которуу (трансформациялоо) тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу” токтомуна ылайык Жаңы-Жер айылдык кеңеши токтом кылат:
1. Жаңы-Жер айыл аймагындагы өздөштүрүлбөгөн айыл чарба жерлерин натыйжалуу пайдалануу максатында №102 контурундагы 4,0 га таштуу жайыт жер аянтын “Айыл чарба багытындагы жерлер” категориясынан “Өнөр жайынын , транспорттун, байланыштын, энергетиканын, коргонуунун жерлери жана башка багыттагы жерлер” категориясына которууга (трансформациялоого) макулдук берилсин.
2. Тиешелүү 4.0 га жер аянтын “Айыл чарба багытындагы жерлер” категориясынан “Өнөр жайынын , транспорттун, байланыштын, энергетиканын, коргонуунун жерлери жана башка багыттагы жерлер” категориясына которуу боюнча иш кагаздарын Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 4-ноябрындагы №665 сандуу “Жер участокторун которуу (трансформациялоо) тартиби жөнүндө жобого ылайык даярдоо жагы Жаңы-Жер айыл өкмөтүнө жүктөлсүн.
3. Жаңы-Жер айыл аймагындагы жалпы 4.0 га жер аянты “Айыл чарба багытындагы жерлер” категориясынан “Өнөр жайынын , транспорттун, байланыштын, энергетиканын, коргонуунун жерлери жана башка багыттагы жерлер” категориясына которуу (трансформациялоо) жагы Лейлек районунун мамлекеттик администрациясына сунушталсын.
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Мыйзамдуулукту, укук тартибин сактоо, жарандардын укугун жана кызыкчылыгын коргоо, архитектура, курулуш, транспорт жана экология боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Тѳрага | Ж. Мурадилов |
|
|