Загрузка документа…
ЖАҢЫ-ЖЕР АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2026-жылдын 15-июну № 35
Электромобилдерди кубаттоочу станцияны орнотуу үчүн айыл өкмөтүнүн аймагынан убактылуу пайдалануу үчүн 0.10 га жер аянтын бөлүп берүү жөнүндө.
Таш-Көмүр ГЭСтеринин Каскадынын 2026-жылдын 3-июнундагы №09-1/77 сандуу чыгыш катыны карап чыгып, Кыргыз Республикасынын Министрлер кабинетинин 2025-жылдын 1-сентябрындагы №544 токтому менен бекитилген “2029-жылга чейин «Жашыл экономиканы» өнүктүрүү программасын” колдоо алкагында Электромобилдерди кубаттоочу станцияны орнотуу үчүн Жаңы-Жер айыл өкмөтүнүн аймагынан убактылуу пайдалануу үчүн жер аянтын бөлүп берүү максатында Жаңы-Жер айылдык кеңеши токтом кылат:
1. Жаңы-Жер айыл аймагынан Электромобилдерди кубаттоочу станцияны орнотуу үчүн 0.10 га жер аянтын бөлүп берүүгө макулдук берилсин.
2. Токтомдун аткарылышы жана тийиштүү иш кагаздарын түзүү жагы Жаңы-Жер айыл өкмөтүнө жүктөлсүн.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Мыйзамдуулукту, укук тартибин сактоо, жарандардын укугун жана кызыкчылыгын коргоо, архитектура, курулуш, транспорт жана экология боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Тѳрага | Ж. Мурадилов |
|
|