Загрузка документа…
УЛАХОЛ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2015-жылдын 20-февралы № 88
Улахол айылдык аймагынын айылдык кеңешинин токтомдорун мамлекеттик тилинде гана кабыл алуу жѳнγндѳ
Кыргыз Республикасынын «Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жѳнγндѳ» Мыйзамынын 26-беренесинин 1-1 пунктуна ылайык, Улахол айылдык аймагынын айылдык кеңеши Кыргыз Республикасынын «Жергиликтγγ ѳз алдынча башкаруу жѳнγндѳ» Мыйзамынын 31-беренесине таянып, Улахол айылдык кеңешинин сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
- Улахол айылдык аймагынын айылдык кеңешинин токтомдору мамлекеттик тилинде гана кабыл алынсын.
- Аталган токтом Кыргыз Республикасынын Ѳкмѳтγнѳ караштуу жергиликтγγ ѳз алдынча башкаруу иштери жана этностор арылык мамилелер боюнча мамлекеттик агенттигинин www.gamsumo.gov.kg веб-сайтына жарыялансын.
- Аталган токтомду расмий жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизγγ жагы Улахол айыл ѳкмѳтγнѳ милдеттендирилсин.
Депутаттардын Улахол айылдык кеңешинин тѳрагасы: |
А. Батырканов |