Загрузка документа…
ТѲѲЛѲС АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
ТОКТОМУ
2025-жылдын 19-ноябры №14-1 | Муркут айылы |
Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасынын Ош шаары, Ош, Жалал-Абад, жана Баткен облустары боюнча аймактык бөлүнүшү, Ош областынын Ноокат районунун Төөлөс айыл өкмөтүнүн 2024-жылдын 1-январынан тартып 31-декабрына чейин мезгил аралыгындагы бюджеттин түзүлүшүнө жана аткарылышына жүргүзүлгөн шайкештик аудиттин жыйынтыгы жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасынын Ош шаары, Ош, Жалал-Абад, жана Баткен облустары боюнча аймактык бөлүнүшү, Ош областынын Ноокат районунун Төөлөс айыл өкмөтүнүн 2024-жылдын 1-январынан тартып 31-декабрына чейин мезгил аралыгындагы бюджеттин түзүлүшүнө жана аткарылышына жүргүзүлгөн шайкештик аудиттин жыйынтыгы жөнүндөгү жазма буйругу менен таанышып жана талкуулап, Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” Мыйзамынын 34-беренесине ылайык Төөлөс айыл аймагынын айылдык кеңеши токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасынын Төөлөс айыл өкмөтүнүн 2024-жылдын 1-январынан тартып 31-декабрына чейин мезгил аралыгындагы бюджеттин түзүлүшүнө жана аткарылышына жүргүзүлгөн шайкештик аудиттин жыйынтыгы жөнүндө билдирүүсүндөгү айтылган сын-сунуштар, кетирилген каржы бузууларды ордуна коюу боюнча тийиштүү иш чараларды көрүү менен мыйзам чегинде иш алып барып четтетүү жагы айыл өкмөтүнүн ФЭБ башчысына милдеттендирилсин.
2. Токтомдун аткарылышын жетекчиликке алуу жагы айыл өкмөтүнүн ФЭБ башчысы А. Тешебаевага милдеттендирилсин.
3. Токтомдун аткарылышын алуу көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин «Экономика, бюджет, соода жана ишкердүүлүк» боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Тѳрага: | А.Каразаков |