Загрузка документа…
ТѲѲЛѲС АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
ТОКТОМУ
2025-жылдын 19-ноябры №14-2 | Муркут айылы |
Төөлөс айыл аймагы боюнча дем берүүчү грантка сунушталып жаткан долбоорлордун өздүк салымы жөнүндө
Төөлөс айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысы М. Эшполотовдун 2026-жылга карата болжолдуу курулуш обьектилери боюнча дем берүүчү грантка сунушталып жаткан долбоорлордун өздүк салымы жөнүндөгү билдирүүсү менен таанышып жана талкуулап, Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары” жөнүндө мыйзамынын 34-беренесине жана айылдык кеңештин “Экономика, бюджет, соода жана ишкердүүлүк” боюнча туруктуу комиссиясынын чечимине негиз, Төөлөс айыл аймагынын айылдык кеңеши токтом кылат:
1. Төөлөс айыл аймагы боюнча дем берүүчү грантка сунушталып жаткан долбоорлордун жергиликтүү бюджеттен каржылануучу өздүк салымынын жалпы суммасы 7133184 (жети миллион жүз отуз үч миң жүз сексен төрт төрт) сом болуп бекитилсин жана ар бир обьект боюнча төмөнкүдөй болуп ажыратылсын.
1. Жайылма орто мектебинин кичи спорттук аянтчанын чатырын жабуу-314472 сом.
2. Астра Нуру МЧББМнин капиталдык ремонту – 368501 сом
3. Саид Баюми орто мектебинин кичи футболдук аянчасы – 2323048 сом
4. Б. Осмонов орто мектебинин кичи футболдук аянтчасы – 2323048 сом
5. Б. Осмонов орто мектебинин капиталдык ремонту – 1259043,2 сом
6. Кеңеш айылындагы Кеңеш жолун асфальтоо – 1368120 сом
7.М. Бостонбаев орто мектебинин кичи спорттук аянтчанын чатырын жабуу 1500000сом
2. Белгиленген акча каражаттарын мыйзам чегинде өз мөөнөтүндө ажыратып берүү жагы айыл өкмөтүнүн башчысы М. Эшполотовко жана ФЭБ башчысы А. Тешебаевага милдеттендирилсин.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жага айылдык кеңештин “Экономика, бюджет, соода жана ишкердүүлүк” боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Тѳрага: | А.Каразаков |