Загрузка документа…
ТѲѲЛѲС АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
ТОКТОМУ
2025-жылдын 19-ноябры №14-3 | Муркут айылы |
Төөлөс айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысы М.Эшполотовдун 2025-жылдын 14-ноябрындагы № 01-19/710 каты тууралуу
Төөлөс айыл өкмөтүнүн борбордук бөлүгүндө жайгашкан мейманкананын карамагындагы 0,4754 га жер аянтынын 0,3555 га жер аянтын жаңыдан курулуш иштери башталып жаткан У. Салиева атындагы музей комплексинин карамагына өткөрүү үчүн мейманкана багытынан музей комплекси багытына өзгөртүүгө макулдук берүү жөнүндөгү айыл өкмөт башчысы М. Эшполотовдун 2025-жылдын 14-ноябрындагы №01-19/710 каты менен таанышып жана талкуулап, Төөлөс айыл аймагынын айылдык кеңеши токтом кылат:
1. Төөлөс айыл өкмөтүнүн борбордук бөлүгүндө жайгащкан мейманкананын карамагындагы 0,4754 га жер аянтынын 0,3555 га жер аянтын жаңыдан курулуш иштери башталып жаткан У. Салиева атындагы музей комплексинин карамагына өткөрүү үчүн мейманкана багытынан музей комплекси багытына өзгөртүүгө макулдук берилсин.
2. Юридикалык тиешелүү иш кагаздарын бүтүрүү жагы айыл өкмөтүнүн башчысы М. Эшполотовко жана жер ресурстары жана өсүмдүк өстүрүү боюнча башкы адисинин милдетин аткаруучусу Д. Балтабаевке жүктөлсүн.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин “Айыл, суу, жерге жайгаштыруу, жаратылышты коргоо, экология, транспорт, курулуш, өнөр жай, кайра иштетүү жана энергетика” боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Тѳрага: | А.Каразаков |