Загрузка документа…
ТѲѲЛѲС АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
ТОКТОМУ
2025-жылдын 19-ноябры №14-4 | Муркут айылы |
Көчөлөрдүн атын өзгөртүп атоо жөнүндө
Кеңеш айылынын Кимсанбай бөлүмүнүн жергиликтүү жашоочуларынын көчөлөрдүн атын өзгөртүп атоо жөнүндөгү жалпы жыйынында кабыл алган чечимин бекитип берүү жөнүндөгү кайрылуусу менен таанышып жана талкуулап, Кыргыз Республикасынын “Географиялык аталыштар жөнүндөгү” мыйзамына жана айылдык кеңештин “Айыл, суу, жерге жайгаштыруу, жаратылышты коргоо, экология, транспорт, курулуш, өнөр жай, кайра иштетүү жана энергетика” боюнча туруктуу комиссиясынын макулдугуна негиз, Төөлөс айыл аймагынын айылдык кеңеши токтом кылат:
1. Кеңеш айылынын Кимсанбай бөлүмүнүн жергиликтүү тургундарынын көчөлөргө ат коюу жөнүндөгү 2025-жылдын 10-ноябрындагы өткөргөн №1 протоколу бекитилсин.
2. Кенеш айылынын Кимсанбай бөлүмүнүн төмөнкү көчөлөрү
“Кеңеш 1”- көчөсү, -“Биримдик”
“Кеңеш 2”- көчөсү, -“А. Жаңыбаев”
“Кеңеш 3 - көчөсү, -“Нур”
“Кеңеш 4 – көчөсү, -“Келечек” көчөлөрү деп өзгөртүлүп аталсын.
3. Кадастр мамлекеттик ишканасынын Ноокат райондук бөлүмүнөн жаңыдан аталган көчөлөрдү каттоодон өткөрүү жагы айыл өкмөтүнүн жер ресурстары жана өсүмдүк өстүрүү боюнча башкы адисинин милдетин аткаруучусу Д. Балтабаевке милдеттендирилсин.
4. Төөлөс айыл аймагынын айыл өкмөтү мекемеси өзүнүн маалымат базаларын, иш кагаздарын ушул токтомго ылайык келтирсин.
5. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин “Мыйзамдуулук, мандат, укук жана дин иштери” боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Тѳрага: | А.Каразаков |