Загрузка документа…
ТѲѲЛѲС АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
ТОКТОМУ
2025-жылдын 19-ноябры №14-5 | Муркут айылы |
Төөлөс айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысы М.Эшполотовдун 2025-жылдын 14-ноябрындагы №01-19/711 каты тууралуу
Кеңеш айылынын тургуну К.Исаковдун турак үй салуу үчүн Живпром айылынан сатып алган жер участкасы социалдык обьект болуп катталгандыгына байланыштуу ген. пландагы социалдык обьект багытындагы 0,14 га жер аянтын турак жай багытына өзгөртүүгө макулдук берүү жөнүндөгү арызы менен таанышып жана талкуулап, Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары” жөнүндө мыйзамынын 34-беренесине жана айылдык кеңештин “Айыл, суу, жерге жайгаштыруу, жаратылышты коргоо, экология, транспорт, курулуш, өнөр жай, кайра иштетүү жана энергетика” боюнча туруктуу комиссиясынын чечимине негиз, Төөлөс айыл аймагынын айылдык кеңеши токтом кылат:
1. Кеңеш айылынын тургуну К.Исаковдун турак үй салуу үчүн Живпром айылынан сатып алган жер участкасы социалдык обьект болуп катталгандыгына байланыштуу ген пландагы соц обьект багытындагы 0,14 га жер аянтын турак жай багытына өзгөртүүгө макулдук берүү жөнүндөгү каты канаатандырылсын.
2. Тиешелүү иш кагаздарын мыйзам чегинде бүтүрүү жагы айыл өкмөтүнүн башчысы М.Эшполотовко жана жер ресурстары жана өсүмдүк өстүрүү боюнча башкы адисинин милдетин аткаруучусу Д.Балтабаевке тапшырылсын.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин “Айыл, суу, жерге жайгаштыруу, жаратылышты коргоо, экология, транспорт, курулуш, өнөр жай, кайра иштетүү жана энергетика” боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Тѳрага: | А.Каразаков |