Загрузка документа…
ТѲѲЛѲС АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
ТОКТОМУ
2025-жылдын 12-декабры №15-1 | Муркут айылы |
Төөлөс айыл аймагынын Абшыр-Ата бөлүмүндөгү жер аянтын максаттуу пайдаланууга макулдук берүү жөнүндө
Төөлөс айыл өкмөтүнүн башчысы М.Эшполотовдун 2025-жылдын 12-декабрындагы №01-19/767 сандуу сунуш катын карап чыгып, Кыргыз Республикасынын «Мүлккө муниципалдык менчик жөнүндө» Мыйзамынын 19-беренесине жана «Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө» Мыйзамынын 27-беренесинин 2-бөлүгүнүн 1, 4-пункттарына ылайык, Төөлөс айыл аймагынын айылдык кеңеши токтом кылат:
1. Төөлөс айыл аймагынын муниципалдык менчигинде (2023-жыл 28-март №5052033/10627) катталган, Абшыр-Ата бөлүмүндө жайгашкан 2,85 га жер аянтын, инвестицияларды тартуу (гранттарды, жеке ишкерлерди, мамлекеттик жеке өнөктөштөрдү ж.б.) аркылуу маданият, билим берүү жана туризм багытында пайдаланууга макулдук берилсин.
2. Аталган жер аянтынын мыйзамдуу юридикалык иш кагаздарын бүтүрүү жагы айыл өкмөтүнүн тиешелүү адистерине жана айыл өкмөт башчысына милдеттендирилсин.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин “Айыл, суу, жерге жайгаштыруу, жаратылышты коргоо, экология, транспорт, курулуш, өнөр жай, кайра иштетүү жана энергетика” боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Тѳрага: | А.Каразаков |