Загрузка документа…
ТѲѲЛѲС АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
ТОКТОМУ
2026-жылдын 29-январы №16-1 | Муркут айылы |
Төөлөс айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн 2026-жылга карата түзүлгөн жергиликтүү бюджетинин киреше жана чыгаша бөлүктөрүнүн долбоорун жана 2027-2028–жылдарга карата түзүлгөн бюджеттин божомол долбоорун бекитүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” мыйзамынын 34-беренесинин 2-пунктуна жана Бюджет кодексинин 102-беренесинин 3-пунктуна, ошондой эле айылдык кеңештин “Экономика, бюджет, соода жана ишкердүүлүк” боюнча туруктуу комиссиясынын чечимине ылайык, Төөлөс айыл аймагынын айылдык кеңеши токтом кылат:
1. Төөлөс айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн 2026-жылга карата түзүлгөн жергиликтүү бюджетинин киреше жана чыгашалары 44 256,3 сом өлчөмүндө бекитилсин.
2. 2026-жылга айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетинин кирешелерин түзүүчү булактары жана чыгашалары боюнча багыттар №1 тиркемеге ылайык аныкталсын.
3. Айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетинин чыгаша бөлүгү 2026-жылга түшкөн кирешелердин жана гранттардын чегинде, ошону менен бирге биринчи кезекте корголгон беренелер боюнча (эмгек акы, соц фонд, тамак –аш жана коммуналдык кызматтар) каржылануусу белгиленсин.
4. Төөлөс айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн 2027-2028-жылдарга жергиликтүү бюджетинин киреше жана чыгаша бөлүктөрүнүн божомолунун негизги көрсөткүчтөрү тиркемеге ылайык колдоого алынсын.
5. Киреше булактары жана чыгаша багыттары менен
6. Төөлөс айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн 2027-2028-жылдарга жергиликтүү бюджетинин негизги көрсөткүчтөрүнүн болжолу жактырылсын, аларды ар бир конкреттүү мезгилде, кабыл алууда тактоо жүргүзүү жагы белгиленсин.
7. Атайын каражаттардын кирешесинин сметада бекитилген өлчөмүнөн ашыкча бөлүгү толугу менен айылдык бюджеттик мекеменин каржылоосуна калаары аныкталсын.
8. Айылдык, бюджеттик мекемелери казыналыктын регионалдык бөлүмдөрүнөн тышкары мекеменин кассасы аркылуу атайын каражаттарын чыгымдоого тыюу салынсын.
9. Айыл өкмөтүнүн башчысы укуктуу; ушул токтомдун 1-пунктунда бекитилген суммалардын чегинде, эгерде бул айылдык бюджеттин киреше бөлүгүн азайтууга алып келбесе ушул токтомдун тиркемелерине өзгөртүүлөрдү киргизүүгө, ченемдик укуктук актылардын өзгөрүүсүнүн негизинде жыл ичинде тактоолорду жүргүзүүгө, киреше бөлүгүнүн белгиленген пландан ашыкча түшкөн каражаттын эсебинен чыгаша бөлүгүнүн өлчөмүн көбөйтүү жагын кароого.
10. 2026-жылда жергиликтүү бюджеттин киреше бөлүгүнүн пландарын ашыкча аткарылышынан түшкөн каражаттарды бөлүштүрүү жана өзгөртүү киргизүү айылдык кеңешке ыйгарылсын.
11. Жергиликтүү бюджеттик мекеме – ишканалардын финансалык, экономикалык негиздерин чыңдоо, алардын финансалык мамлекеттик каражаттарды максаттуу, сарамжалдуу пайдалануусун камсыз кылуу жагы айыл өкмөтүнүн башчысына жана ФЭБ башчысына милдеттендирилсин.
12. Бул токтом Төөлөс айыл өкмөтүнүн расмий веб-сайтына жарыялансын.
13. Токтом кабыл алынган күндөн тартып күчүнө кирет.
14. Айылдык кеңештин токтому ченемдик укуктук актылар мамлекеттик реестрине каттоо үчүн Ош юстиция башкармалыгына жөнөтүлсүн.
15. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин «Экономика, бюджет, соода жана ишкердүүлүк» боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Тѳрага: | А.Каразаков |