Загрузка документа…
ТѲѲЛѲС АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
ТОКТОМУ
2026-жылдын 29-январы №16-2 | Муркут айылы |
Төөлөс айыл аймагында жайгашкан мекеме-ишканаларга керектелүүчү электр энергиясынын лимитин бекитүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндөгү” Мыйзамынын 34-беренесине жана айылдык кеңештин “Экономика, бюджет, соода жана ишкердүүлүк” боюнча туруктуу комиссиясынын чечимине ылайык, Төөлөс айыл аймагынын айылдык кеңеши токтом кылат:
1. Төөлөс айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн аймагындагы бардык мекеме-ишканалардын электр энергиясына болгон керектөөчү лимиттери тиркемеге ылайык бекитилсин. (тирк).
2. Төөлөс айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн аймагындагы мекеме-ишканалардын электр энергиясына болгон керектөөчү лимиттеринин сакталышын жана ашыкча пайдалануусуна жол бербөөнү көзөмөлдөө жагы ФЭБ башчысына милдеттендирилсин.
3. Бул токтом Төөлөс айыл өкмөтүнүн расмий веб-сайтына жарыялансын.
4. Токтом кабыл алынган күндөн тартып күчүнө кирет.
5. Айылдык кеңештин токтому ченемдик укуктук актылар мамлекеттик реестрине каттоо үчүн Ош юстиция башкармалыгына жөнөтүлсүн.
6. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин “Экономика, бюджет соода ишкердүүлүк” боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Тѳрага: | А.Каразаков |