Загрузка документа…
ТѲѲЛѲС АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
ТОКТОМУ
2026-жылдын 29-январы №16-3 | Муркут айылы |
Төөлөс айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетинин 2026-жылдын 1-январына карата калган калдык акча каражаты жөнүндө
Төөлөс айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн 2026-жылдын 1-январына карата эсебинде калган калдык каражатын, иштелип чыгылган долбоорго ылайык, айылдык кеңештин «Экономика, бюджет, соода жана ишкердүүлүк» боюнча туруктуу коммиссиясы тарабынан карап, Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндөгү» Мыйзамынын 27-беренесинин 3-пунктуна ылайык, Төөлөс айыл аймагынын айылдык кеңеши токтом кылат:
1. 2026-жылга айыл өкмөтүнүн бюджетинин кирешелер жана чыгашалар бөлүмүнө 3577.8 сомго өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилсин.
2. 2026-жылга айыл өкмөтүнүн бюджетине 1-январга калган калдык каражаттын эсебинен чыгашалары боюнча багыттар планы № 1 тиркемеге ылайык аныкталсын.
3. Айыл өкмөтүнүн бюджетинин чыгаша бөлүмүндөгү бекитилген суммага 2026-жылдын 1-январына карата эсептик счетунда калган калдык каражатты кошуп каржылоосу айыл өкмөтүнүн башчысы М. Эшполотовко жана каржы экономика бөлүм башчысы А.Тешебаевага милдеттендирилсин.
4. Бул токтом Төөлөс айыл өкмөтүнүн расмий веб-сайтына жарыялансын.
5. Токтом кабыл алынган күндөн тартып күчүнө кирет.
6. Айылдык кеңештин токтому ченемдик укуктук актылар Мамлекеттик реестрине каттоо үчүн Ош юстиция башкармалыгына жөнөтүлсүн.
7. Токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу, айылдык кеңештин «Экономика, бюджет, соода жана ишкердүүлүк» боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Тѳрага: | А.Каразаков |