Загрузка документа…
ТѲѲЛѲС АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
ТОКТОМУ
2026-жылдын 29-январы №16-4 | Муркут айылы |
Көчөгө ат коюу жөнүндө
Төөлөс айыл аймагына караштуу Толман айылынын “Түштүк Күнгөй” бөлүмүнүн тургундарынын көчөгө ат коюу жөнүндөгү жалпы жыйынында кабыл алынган чечимин бекитип берүү жөнүндөгү маселени карап жана талкуулап, Кыргыз Республикасынын “Географиялык аталыштар жөнүндө” мыйзамына, “Калктуу конуштардын көчөлөрүнө ысым ыйгаруунун тартиби жөнүндөгү” жобого, Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндөгү» мыйзамынын 34-беренесинин ылайык, Төөлөс айыл аймагынын айылдык кеңеши токтом кылат:
1. Толман айылынын “Түштүк Күнгөй” бөлүмүндөгү көчөгө маркум Анарбаев Ысманалинин атын ыйгарууга макулдук берилсин жана “Анарбаев Ысманали” атындагы көчө деп аталсын.
2. Кадастр мамлекеттик ишканасынын Ноокат райондук бөлүмүнөн жаңыдан аталган көчөнү каттоодон өткөрүү жагы айыл өкмөтүнүн жер адиси Д. Балтабаевке милдеттендирилсин.
3. Төөлөс айыл аймагынын айыл өкмөтү өзүнүн маалымат базаларын, иш кагаздарын ушул токтомго ылайык келтирсин.
4. Бул токтом Төөлөс айыл өкмөтүнүн расмий веб-сайтына жарыялансын.
5. Токтом кабыл алынган күндөн тартып күчүнө кирет.
6. Айылдык кеңештин токтому ченемдик укуктук актылар мамлекеттик реестрине каттоо үчүн Ош юстиция башкармалыгына жөнөтүлсүн.
7. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин “Мыйзамдуулук, мандат, укук жана дин иштери” боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Тѳрага: | А.Каразаков |