Загрузка документа…
ТѲѲЛѲС АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
ТОКТОМУ
2026-жылдын 29-январы №16-5 | Муркут айылы |
Айыл аймагындагы калктуу конуштардын ички жолдоруна асфальт төшөө жумуштарынын өздүк салымы жөнүндө
Төөлөс айыл аймагына караштуу Г.Мамаюнусов, Т.Турсунбаев, Т. Анаркулов, А.Сардалов, С.Закиров, Додоңбай, К. Арзыбеков, Ш. Ураимов; көчөлөрүнө асфальт төшөө жумуштарын ишке ашыруу долбоорунун өздүк салымы менен камсыз кылуу жөнүндөгү айыл өкмөт башчысы М. Эшполотовдун билдирүүсү менен таанышып жана талкуулап, “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” мыйзамынын 34-беренесине ылайык, Төөлөс айыл аймагынын айылдык кеңеши токтом кылат:
1. Айыл аймагына караштуу Г.Мамаюнусов, Т.Турсунбаев, Т.Анаркулов, А.Сардалов, С.Закиров, Додоңбай, К.Арзыбеков, Ш.Ураимов; көчөлөрүнө жолго асфальт төшөө жумуштарын ишке ашыруу долбоорунун өздүк салымы үчүн айыл өкмөтүнүн 2026-жылга карата жергиликтүү бюджетинин атайын эсебинен 1 322 051 00 (бир миллион үч жүз жыйырма эки миң элүү бир ) сом акча каражатын ажыратып берүүгө макулдук берилсин.
2. Жергиликтүү бюджеттин эсебинен бөлүнүүчү акча каражатын мыйзам чегинде өз мөөнөтүндө ажыратып берүүнү жана тиешелүү жактарга которуу иштерин аткарууга алуу жагы айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысы М. Эшполотовко жана ФЭБ башчысы А. Тешебаевага милдеттендирилсин.
3. Бул токтом Төөлөс айыл өкмөтүнүн расмий веб-сайтына жарыялансын.
4. Токтом кабыл алынган күндөн тартып күчүнө кирет.
5. Айылдык кеңештин токтому ченемдик укуктук актылар мамлекеттик реестрине каттоо үчүн Ош юстиция башкармалыгына жөнөтүлсүн.
6. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин «Экономика, бюджет, соода жана ишкердүүлүк» боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Тѳрага: | А.Каразаков |