Загрузка документа…
ТѲѲЛѲС АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
ТОКТОМУ
2026-жылдын 03-апрели №17-1 | Муркут айылы |
Төөлөс айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн 2025-жылдын жыйынтыгы боюнча айыл аймагындагы иштердин жалпы абалы жана жергиликтүү бюджеттин аткарылышы боюнча айыл өкмөт башчысынын отчету жөнүндө
Төөлөс айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн 2025-жылдын жыйынтыгы боюнча айыл аймагындагы иштердин жалпы абалы, жергиликтүү бюджеттин аткарылышы, аймактын социалдык экономикалык өнүгүүсү, калкты социалдык жактан коргоо боюнча программасынын аткарылышы боюнча айыл өкмөт башчынын отчетун угуп, Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” мыйзамынын 34-беренесине, Бюджет кодексинин 78-88-беренелерине ылайык, Төөлөс айыл аймагынын айылдык кеңеши токтом кылат:
1. Айыл өкмөтүнүн 2025-жылдын жыйынтыгы боюнча айылдык аймактагы иштердин жалпы абалы, жергиликтүү бюджеттин аткарылышы, аймактын социалдык экономикалык өнүгүүсү, калкты социалдык жактан коргоо боюнча программасынын аткарылышы боюнча айыл өкмөт башчынын отчету канаатандырарлык деп табылсын.
2. Жетишилген натыйжаларды мындан ары да бекемдөө жана иштин сапатын жогорулатуу боюнча иштер улантылсын.
3. Айрым аныкталган кемчилдиктерди жоюу боюнча тиешелүү чаралар көрүлсүн.
4. Бул токтом Төөлөс айыл өкмөтүнүн веб-сайтына жарыялансын.
5. Токтом кабыл алынган күндөн баштап күчүнө кирет.
6. Бул токтом ченемдик укуктук актылар мамлекеттик реестрине каттоо үчүн Ош юстиция башкармалыгына жөнөтүлсүн
7. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин бардык туруктуу комиссияларынын төрагаларына тапшырылсын.
Тѳрага: | А.Каразаков |